Кызыл-Кыя жумушчу депутаттар совети

Википедия дан

Кызыл-Кыя жумушчу депутаттар совети — Кыргызстандын аймагында биринчи болуп ишке киришкен депутаттар кеңеши. 1917-жылдагы Февраль буржуазиялык-демократиялык революциясынын (к. Февраль буржуазиялык-демократиялык революциясы, 1917) таасири менен 1917-ж. 6мартта Кызыл-Кыя көмүр кенинде түзүлгөн. 26-апрелде анын төрагалыгына большевик И. И. Едрёнкин шайланган. Совет негизинен жумушчулардын мүдөөсүн жактап, 8 сааттык жумуш күнүн киргизүү, профсоюз уюмун түзүү, жумушчу милициясын уюштурууда чоң иштерди аткарган. Октябрь ревясынан кийин бийликти өз колуна алууда жана аны чыңоодо жигердүү күрөш жүргүзүшкөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]