Кызыл-Күнгөй мөңгүлөрү

Википедия дан

Кызыл-Күнгөй мөңгүлөрүЧоң-Алай кырка тоосунун түндүк капталынан агып түшкөн Кызыл-Күнгөй суусунун алабындагы эки мөңгү (Чыгыш жана Батыш Кызыл-күнгөй мөңгүлөрү).

  • Чыгышы — каптал тибиндеги мөңгү. узундугу 5,0 км, аянты 6,2 км2, көлөмү 0,1 км3; башы деңиз деңгээли 5200 м, этеги 3820 м бийикте жатат; кар чегинин бийиктиги 4400 м, абляциясынын аянты 2,1 км2.
  • Батышы — өрөөн тибиндеги мөңгү; узундугу 3,7 км, аянты 4,2 км2, көлөмү 0,1 км3. Башы деңиз деңгээли 5120 м, этеги 3740 м бийикте жатат, кар чегинин бийиктиги 4500 м, абляциясынын аянты 2,3 км2. Мөңгүлөрдөн Кызыл-Суунун сол куймасы — Кызыл-Күнгөй суусу башталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]