Кызыл-Ой айылдык ресурстук борбор

Википедия дан

Кызыл-Ой айылдык ресурстук борбор - 2001-жылы Суусамыр айыл өкмөтү тарабынан эски айыл башчынын турган имараты бөлүнүп берилип, ошол айылдагы

ПРООНдун жакырчылыкты жоюу боюнча лидери Кулубаев. Артыктын демилгеси менен уюштурулган. Бул борбор Суусамыр өрөөнүндө биринчи болуп түзүлгөн. Борбордо компьютердик тейлөө, айылдын социалдык өнүгүү программалары менен иштейт. Базар экономикасынын шартындагы айылдын ички ресурстарын пайдалануу максатында коомдук иштер жана өкмөттүк эмес уюмдар менен иш алып барат. Бул жерде «Кызыл-ой» коомдук бирикмеси да иштейт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9