Кызыл-Суу шаар чалдыбары

Википедия дан

Кызылсуу шаар чалдыбары – 7–12-кылымдарга таандык шаардын калдыгы. Ысык-Ата районуна караштуу Шалтакбай айылынын чыгыш тарабында, Чүй дарыясынын сол тарабында жайгашкан. А. Н. Бернштам бул шаар чалдыбарды археологиялык жана орто кылымдардагы жазма булактарынын негизинде Сарыг шаарына В. Д. Горячева Невакет шаарына салыштырышат. Бул эки шаар тең орто кылымдардагы араб-перс авторлорунун (Ат-Табар, ибн-Хордадбек, Кудами, ибн-Жафар, ал-Хорезмдин) эмгектеринде кездешет. Шаар жана шахристан (ички шаар) да сыртынан бекемделген дубалдар менен курчалган. Түштүк-чыгыш тарабында цитадель жайгашкан. Дубалдар түрдүү боёк менен сырдалып, оймо-чийме түшүрүлүп кооздолгон.

Түрдүү формада жасалган карапа идиштер, айнек, темир, колодон жасалган кооздук буюмдар, согду, араб жана несториан жазуулары жана 3000ден ашык, жерге көмүлгөн тыйындардын салыгы табылган. Согдулуктардын өлүк көмүүчү жайы (некропол) жана 12 м будда кудайынын айкели, ибадатканасы (храм) изилденген. Түрк урууларына таандык, аты менен кошо көмүлгөн жубайлардын көрүстөнү ачылган. Демек, шаарда ар түркүн элдер жашаган. Кыргыздардын уламышында бул шаар алтын төөлүү шаар деп айтылат. Эстелик А. Н. Бернштам, П. Н. Кожемяко, В. Д. Горячева жана М. К. Байпаковдор тарабынан изилденген.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9