Кызыл-төр тоосу

Википедия дан

Кызыл-төр тоосу - Чаткал кырка тоосунун түштүк-батыш урчугу.Чаткал районунун аймагында.

Терс суусунун түштүк-чыгышынан орун алган. Түндүк-чыгыштан түштүк-батышты карай 20 кмге созулат; туурасы 5-6 км. Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 34003600 м, эбийик жери 4045 м. Тоонун кыры аска-зоокалуу, капталдары жантайыкы, терең капчыгайлуу. Негизинен карбон менен пермдин майда кристаллдуу гранит, порфириттуу гранит, гранит-диорит интрузия тектеринен түзүлгөн. Талаа жана шалбаалуу талаа (2300-2400 м бийиктикке чейин), шалбаа-бадалдуу токой (2400-2900 м), субальп, альп шалбаасы жана сейрек бетегелүү талаа (2900-3300 м), гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6