Кызыл байрак, ак байрак

Википедия дан

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 16—20 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, талаа.

Оюнда колдонуучу буюмдар. Желекчелер.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жетекчи шайланат, калгандары эки топко бөлүнүшүп, 25—30 м аралыкка бир катар болуп бетме-бет турушат. Катарларда биринчи болуп турган оюнчулар колдоруна бирден желекчелерди алышкандан кийин, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жетекчинин буйругу боюнча, кезектери келгенде, колдоруна бирден желекчелерди алышып, карама-каршы турган оюнчулар тобунун артынан жүгүрүп өтүп келүүгө тийиш. Оюн 2—3 жолу кайталанышы мүмкүн. Топтун акыркы оюнчусу желекчени катарда биринчи болуп турган катышуучуга, кайрадан берген топтун оюнчулары жеңишке жетишишет.

Оюнга методикалык көрсөтмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюн өткөрүлчү жер тегиз, ыңгайлуу буюмдарсыз шартта болгону жакшы. Оюнчулардын саны эки топко тең бирдей болушу керек. Желекчелердин бири ак, экинчиси кызыл болушу ылайык. Эгерде желекчелер жок болуп калган убакта алардын ордуна бет арчыларды, баш кийимдерди, камчы саптарды колдонсо болот.

Оюндун педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күч, ылдамдык тарбияланат, жүгүрүүнүн ыкмаларын, биримдикке, тартипти сактоого үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]