Кызыл долоно

Википедия дан
Кызыл долоно.

Кызыл долоно (Боярыишик кровно-красный), (лат. Crataegus sanguinea) - роза гүлдүүлөр тукумундагы өсүмдүк уруусу.

Жыгач сымал бадал, катуу тикендүү же анча чоң эмес дарак. Бийиктиги 2,5 м. Жалбырагы жөнөкөй, манжа сымал. Гүлү ак, кызгылт. Мөмөсү желет, дарылык мааниге ээ. Августта бышат.

Курамында 10%тей кант, 0,5%тей алма кислотасы, 30%тей С витамини, 30%тей каротин бар. Мөмөсү сары долоного караганда эки эсе кичине, жалгыз болот. Бөйрөк менен табарсык ооруларында, өттүн жолу жана жатынга суук тийгенде, заара токтобой капганда (эркектердин) колдонсо болот. Анын тамырын кабыгынан аарчып, тазалап, көлөкөдө кургатат.

Аны майдалап, 100 г мына 0,5 кг бал аралаштырып, күнүгө бир чай кашыктан 3 жолу 2 ай ичсе таза айыгат. Кабыгынын ички жагындагы жумшак бөлүгүн кургатып, талкалайт. Анын бир аш кашыгын 0,5 л кайнак сууга демдеп, бир күн тундуруп коюп анан сүзөт.

Үстүнө бир аш кашык алманын ачык суусун кошуп күнүнө 30 гдан 3 жолу 2 ай ичсе, жүрөк ооруларына жардам берет. Долононун жакшы бышкан мөмөсүн кургатып, талкалап, бир аш кашыгын 1 л сууга кошуп, бир саат кайнатып, муздаганда сүзүп, үстүнө 100 г алманын ачык суусун кошуп, күнүнө 30 гдан 3 жолу ичсе бул да жүрөк ооруга даба.

Гүлүн көлөкөдө кургатып, талкалап, 150 гын 3 кг балга аралаштырып, күнүнө бир чай кашыктан 3 жолу 3 ай ичсе бардык жүрөк ооруларга жардам берет. Ашказан ооруп кыл тамак болгондо жана ич өтүп кан кусканда да ушул кошундуну колдонсо болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9