Кызыл өрүк

Википедия дан

Кызыл өрүк, абрикос (Armeniaca) — роза гүлдүүлөр тукумундагы мөмө дарак жана бадал уруусу. Дарагынын бийиктиги 15 мдей, жалбырагы жазы, учтуу, гүлү ак, кызгылт, жалбырагынан мурда ачылат. Мөмөсү — данектүү, сүйрү, ирдүү, сулпу жумшак, ширелүү жана даамдуу. Азияда 10 (КМШ өлкөлөрүндө 6) түрү бар. Кадимки Кызыл өрүккө (A. vulgaris) өстүрмө Кызыл өрүк сортторунун баары кирет. Манжур Кызыл өрүгүнүн (A. manshurica) мөмөсү ширелүү, бирок анча таттуу эмес; Сибирь Кызыл өрүгү (A. sibirica) менен Давид Кызыл өрүгүнүн (A. davidiana) мөмөсүнүн сулпу кургак келип, желбейт. Кумдак, таштак, чополуу жерде жакшы өсөт. Дарагы кыйыштыргандан 3-4 жылдан кийин мөмөлөйт. Мөмөсүндө 4-20% түрдүү кант, алма жана лимон кислоталары, 0,38-1,27% пектин заты, каротин; данегинде 29-58% май жана А, С витаминдери болот. Мөмөсү желет, ошондой эле кургатылып как, кургак өрүк даярдалат, компот, шире, кыям кайнатылат. Дарагы шабдалыны кыйыштырууда (кыюу асты катары) пайдаланылат. Гектарынан 8-12 т түшүм алынат. Кыргызстанда райондоштурулган Кызыл өрүктүн негизги сорттору: Ош облусунда — Арзами, Советский, Супхани, Исфарак; Чүй жана Ысык-Көл өрөөндөрүндө — Никитский, Королевский, Кызыл бөйрөк жана башка Илдеттери: клястероспориоз, вертицеллёз, цитоспороз. Зыянкечтери: чиечи, өрүкчү шиш тумшуктар, ак жана сары коңузундугу

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]