Кызыр, Кыдыр

Википедия дан

Кызыр, Кыдыр (ар. хызыр - жашыл деген мааниде) - адамдарга жакшылык кылуучу олуя. Түрк, иран элдеринин жомокторунун байыркы кейипкерлеринин бири, көбүнчө жашыл тончон, акбоз ат минген аксакал түрүндө сүрөттөлөт. Бул табышмактуу пайгамбар өлбөстүн дарысын издеп, акыры мүрөктүн суусунун булагын тапкандыгы айтылат. Орто Азия элдеринин түшүнүк, ишениминде Кызыр түбөлүк жер кезүүчү, адашкан жолоочуларга, кедей-кембагалдарга жана кыйын кезеңге туш келген бардык пенделерге жардам берет. Кызыр жолоочу, дубана, майып киши, кээде тааныш кишинин кебетесинде кездешет. Кызырдын оң колун кармап, анын баш бармагынын сөөгү жок экенинен таанууга болот деп эсептешкен. Тааныган киши кое бербей туруп үч нерсе тилек кылып суранса, ал аткарылат имиш. Кызыр жөнүндө уламыштар азыр да элдин ичинде кенен таралып, айтылып келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]