Кыз Дарыйка

Википедия дан

Кыз Дарыйка – элдик поэма. Чыгыш адабиятынан келген сюжеттин негизинде түзүлгөн. Түрк элдеринин бардыгында айтылып, орток чыгармага айланган. КРУИАсынын кол жазмалар фондусунда онго жакын варианты бар. К. Орозов, К. Салибаев, О. Нургазиев, М. Зулпиевдер айткан варианттар өздөрүнүн көркөмдүгү, сюжетинин толуктугу, образдардын конкреттүү сүрөттөлүшү менен айырмаланат. Өзгөчө белгилей турган көлөмдүү да, көркөмдүү да вариант К. Алимановдуку.

Сюжет Дарыйка аттуу баатыр, балбан кыздын айланасында түзүлүп, анын Аалы (Мухаммед пайгамбардын күйөө баласы, төрт имамдын бири) менен беттешип, күрөшүшү, Аалыдан жеңилип, күйөөгө чыгышы туурасында болот. Поэманын трагедиялуу же кульминациялык чеги – бул Дарыйканын Аалыдан төрөгөн уулу Шайызынданын (Имамади) Аалынын мекенине атасын издеп барып, тааныбай, аталаш бир туугандары, атасы менен күрөшүп жеңип алып, уялганынан тоонун жаракасына кирип кетиши, Дарыйканын уулунун өлүмүн угушу сыяктуу эпизоддор.

Чыгармада эпикалык салттуулук сакталып, түрк элдеринин эпикалык чыгармаларында кезигүүчү бардык калып, стиль, себептер орун алган. “Кыз Дарыйка” поэмасынын жогоруда аталган бардык нускалары салыштырылып, башка элдерде (казак) айтылган варианты менен да жалпылыгы жана айырмачылыгы, көркөмдүк өзгөчөлүгү, айтуучулук чеберчилик иликтөөгө алынган.

Чыгыштын сюжетинде айтылып, жазылып, кыргыздын төл чыгармасына айланган “Кыз Дарыйка” поэмасы көөнө доору, тарыхый кырдаалды чагылдырып, ар бир элдин улуттук өзгөчөлүгүн өз боюна сиңирүү менен элдин элдик фольклорунан орун алган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004