Кыймылдуу тандоо

Википедия дан

Кыймылдуу тандоо – табигый тандалуунун бул жолун кээ бир убакта багытталган тандалуу деп да аташат. Бул тандалууда өзгөргүчтүктүн бир гана багытынын тандалуусуна жагымдуу шарт түзүлүп, калган өзгөргүчтүк түрлөрүнө түзүлгөн шарт жагымсыз болот. К. т-нун көзөмөл астында популяциянын генофонду жалпы өзгөрөт, башкача атйканда формалардын дивергенциясы жүрбөйт. 1944-ж. Дж. Симпсон эволюциянын мындай формасын филетикалык эволюция деп атаган. К. т-нун таасиринин негизинде популяциянын генофондусунда мутациялар топтолуу менен таралат жана ушул багытта фенотиптин өзгөрүүсү жүрөт. Популяцияда К. т-нун негизинде укумдан тукумга карай белгилердин багыттуу өзгөрүүлөрү жүрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]