Кыйып-өрттөө дыйканчылыгы

Википедия дан

Кыйып-өрттөө дыйканчылыгы - токой зонасындагы дыйканчылыктын байыркы жөнөкөй системаларынын бири. Токойдо да- рактарды кыйып, кабыгын арчыйт. Бир жылдан кийин аны өрттөп, күлүнө эгин айдашкан. Мындай жер биринчи жылы жакшы түшүм берген, андан кийинки жылы бул жер куралдын жардамы менен жумшартууну талап кылган; 2-3 жылдан кийин ал жер арыктап түшүм бербей калат, ошондуктан жаңы өсүмдүктөр чыкканга чейин ал жерди дем алдырууга таштап коюшат. Айрым жерлерде бадалдарды, саздарды, чымдарды да өрттөшкөн. Кыйып-өрттөө дыйканчылыгында дыйкандар мезгил-мезгили менен курал-жабдыктары өзгөртүп турган. Кыйып-өрттөө дыйканчылыгы Евразияда жазы жалбырактуу зоналарда жаралган; мелүүн алкактык тоолордо жана түндүк тайга токойлорунда жашаган славян жана герман элдеринде 19-к. ортосуна чейин сакталган. Түштүк Европадан Арденна тоолорунда, Корсика аралында, Түндүк Америкадан Европадан көчүп келгендерге да 19-к. ортосуна чейин сакталган. Кыйып-өрттөө дыйканчылыгын тропикалык өсүмдүктөрдү өстүргөн айрым түрлөрү да Борбордук Африкада (банту элдеринде), Түштүк-Чыгыш Азияда (бирмалыктарда - «ладанг»; вьетнамдыктарда жана башкалар), Океанияда (Жаңы Гвинеядагы папуастарда), Түштүк жана Борбордук Американын индейлеринде жана башкаларда кеңири тараган.

Африкада эркектер дарактын бутактарын бычак менен кыят, ал эми аялдар аларды кургак чөп, бадал менен кошо талаага калыңдатып жыят. Өрттөгөндөн кийин болор жаандын алдында үрөн себишет. Себишкен участокту тосмо менен тосушат. «Дан өсүмдүктөрүн (таруу), буурчак, тамыры жемиш өсүмдүктөрдү аралаштырып айдоо үстөмдүк кылат. Экинчи жылы таруунун ордуна жер жаңгак эгилет, үчүнчү жылы буурчак өсүмдүктөрү үстөмдүк кылат. Жаңы Гвинеяда папуастар тоолуу тропикалык токойлордо даракты таш балта менен кыйышат. Участокту тазалоодо калак сымал жыгач куралды пайдаланышат. Эгинди тосмо менен тосушат, аралаштырып айдашат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]