Кылакөл

Википедия дан

Кылакөл, Кылаа-Көл — Чаткал кырка тоосунун түндүк-чыгыш капталындагы көл. Сары-Челек коругунда, Сары-Челек көлүнөн 0,5 км түштүк тарапта жайгашкан. Деңиз деңгээли 1845 м бийикте жатат. узундугу 900 м, туурасы 600 м, аянты 0,6 км2, тереңдиги 20 мге жакын. Көлгө Сары-Челектен агып чыккан Тоскоол суусу (узундугу 600-700 м) куюп, андан Сары-Камыш суусу башталат да, Кожо-Ата суусуна кошулат. Түштүк бөлүгү саздак келип, жээгинде камыш өсөт. Айланасында дарактар отургузулган. Балык коё берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]