Кылжыров Мина

Википедия дан

Кылжыров Мина (1934, Ысык-Көл облусу, Тоң району, Көк-Сай айылы) — малчы, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1986), Кыргыз ССРинин мал чарбасына Эмгектери сиңирген устаты (1979). 1954-жылдан Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы 22-партсъезд атындагы колхоздун баш чабаны. Он биринчи беш жылдыкта (1981-85) ар жүз койдон орто эсеп менен 188ден козу, ар койдон 5,1 кгдан жүн кыркып алган. 1986-жылдан ирилештирилген чабандык бригаданын жетекчиси болуп иштеген. 1987-ж. анын чабандык бригадасы ар жүз койдон (бардыгы 1560 кой) 141ден козу (1986-ж. 1013 койдун ар жүзүнөн 146дан козу), ар койдон 4,3 кгдан жүн (1986-ж. 5,2 кгдан жүн) кыркып алып, мамлекетке өткөргөн. Эки Ленин, Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]