Кылмыш-жаза иши

Википедия дан

Кылмыш-жаза иши – кылмыш белгилери табылган учурларда мыйзамда белгиленген тартипте козголгон иш. Тергөө органдарынын материалдары же К.-ж. и-нин материалдарын сотко чейин даярдоонун протоколдук таризи боюнча сот тарабынан каралат жана чечилет. К.-ж. и-н козгоо себеби: а) жарандын арызы менен каты; б) коомдук уюмдардын билдирүүсү; в) уюмдардын, кызмат адамдарынын билдирүүсү; г) басмасөздө жарыяланган макалалар, кабарлар, каттар; д) күнөөсүн моюндап келүү; е) кылмыш белгилеринин түздөнтүз алгачкы текшерүү органдары, тергөөчүлөр, прокурорлор же соттор тарабынан табылуусу. Кылмыш белгилерин көрсөтүүчү маалыматтар жетиштүү болгон учурда гана кылмыш иши козголушу мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]