Кылмыш-жаза процесси

Википедия дан

Кылмыш-жаза процесси – мамлекеттик жана коомдук уюмдардын, кызмат адамдарынын, жарандардын катышуусу менен, мазмуну кылмыш ишин козгоо, иликтөө, соттук кароо жана чечүү, ошондой эле (жарым-жартылай) өкүмдү аткаруу болуп саналган алдынала текшерүү, алдынала тергөө, прокуратура, сот органдарынын мыйзам тарабынан регламенттелип, укуктук мамиле калыбына салынган иш-аракеттери. К.-ж. п-нин баскычтары: а) кылмыш-жаза ишин козгоо; б) алдынала иликтөө; в) сотко өткөрүү; г) соттук териштирүү; д) өкүмдү аткаруу. Айрым учурларда кылмыш-жаза иши кошумча баскычтарды да басып өтөт: соттук көзөмөлгө алуу тартибинде ишти кайра кароо; жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишти кайрадан улантуу. «К.-ж. п.» деген түшүнүк «кылмыш-жазык сот өндүрүшү» деген түшүнүккө шайкеш келет. К.-ж. п-нин милдеттери: кылмышты ыкчам жана толук ачуу, күнөөкөрдүн бетин ачуу, мыйзамды туура колдонуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]