Кылмыш жасоодон ыктыярдуу баш тартуу

Википедия дан

Кылмыш жасоодон ыктыярдуу баш тартуу — КР мыйзамдары боюнча адамдын кылмыш ишин акыр аягына чейин жеткирүүгө көзү жетип же мүмкүнчүлүгү болуп туруп кылмыш кылууга түздөнтүз багытталып даярдалган аракеттерди (аракетсиздиктерди) токтотуп коюусу. К. к. ы. б. кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылбайт. Кылмыш ишин акыр аягына жеткирүүдөн баштарткан адам анын аракеттеринде башка кылмыштардын курамы болгондо гана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат. Кылмыш ишин уюштуруучунун, шыкакчынын же себепчинин ыктыярдуу баш тартуусу, эгер ал адамдар кылмыш аракеттерин убагында токтотууга баардык чараларды көрүшсө жана андан коомдук коркунучтуу жыйынтыктар боло элек болсо, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулушат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7