Кылмыш олдоксондук
Көрүнүш
Кылмыш олдоксондук – кылмыш-жаза укугунда айыптын бир түрү. Эгерде адам өз аракетинин (аракетсиздигинин) коркунучтуу кесепеттерин баамдай алса, бирок жеңил ойлуулук менен аларды болтурбайм деп ойлосо (кылмыш текеберчилиги), болбосо андай кесепеттердин болушун баамдоого тийиш болсо да баамдай албаса (кылмыштуу шалаакылык) К. о. катары таанылат. Байкабастыктан жасалган жосун – ал кылмыш-жаза мыйзамында атайын каралган учурда гана кылмыш катары таанылат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7