Кылоо
Көрүнүш
Кылоо — кыргыздагы жаңы туулган музоого карата жасалган ырым. Ырым жаңы тууган уйдун бышкан уузун музоонун маңдайына, жонуна, куйругуна сүйкөөдөн жана «Кылоо-кылоо, торпогум, алдыга чыксаң бөрү жейт, артта калсаң ууру алат, орто жерден чыкпай жүр...» - деген ырдан турган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- О.Каратаев, С.Эралиев. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. Бишкек. "Бийиктик" - 2005-ж. ISBN 9967-13-159-4