Мазмунга өтүү

Кылымдар Асыкбек уулу

Википедия дан

Кылымдар Асыкбек уулу. Кылымдар кылым тогошкон 1999 – жылы жарык дүйнөгө келгендиктен, ата – энеси анын атын азан чакырып, Кылымдар коюшкан. Түпкүлүгү Атбашыдан. Атасы Асыкбек Оморовду Кыргызстанда жакшы таанышат. Жакшы тааныйт дегенибиз, Оморов Асыкбек кроссворд толтуруудагы тапкычтыгы, изденүүчүлүгү менен айырмаланып жана кроссвордду өтө көп түзгөндүктөн, айтылуу Гиннестин китебине кирген. Ал ошондой эле, Кыргыз Совет Энциклопедиясынын авторлорунун бири. Анын биринчилерден болуп түзгөн кыргызча – орусча топография – геодезиялык сөздүгү уникалдуу экендигинде эч кандай талаш жок. Эмгекчилдигин ушундан билиңиз, курулуш боюнча эки китепти жана “Проверь себя”, “Учурдун учкай сөздөрү” жана “Чынгызхан” деген тарыхый эссени жаратып, окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынган. Чынгыз хан тууралуу жазып калгандыгы, отуз жылдан ашык Чынгызхан, Темирлан, Осмон империясы жана Аттила ( Эдил баатыр ) жөнүндө дүйнөнүн 16 өлкөсүнөн баалуу тарыхый булактарды чогултуп, болгон окуялар тууралуу көп сүрөттөрдү жана согуштук схемаларды түзүп, чоң эмгек жаратууга белсенип келген. Ошол көп жылдык түйшүктүү эмгектин жыйынтыгы болуп, “Чынгызхан” деген тарыхый эссе китеби 2008 – жылы чыгып, түрк тилдүү эл аралык Мустафа Кемаль Ататүрк атындагы илим жана маданият багытындагы фонду тарабынан тарых боюнча Азиядагы эң мыкты китеп деп бааланып, алтын медаль менен сыйланды .
Асыкбек Оморов Түркиядагө “Мугиад” тоо кендери боюнча Эл аралык ассоциациянын 1996 – жылдан бери мүчөсү. Көп жылдары инженердик – геология чалгындоо экспедициясынын начальниги болуп, Якутия, Монголия, Бурятияда иштеген жана кийинки жылдары курулуш мекемелеринде, тоо кендерин иштетүүдө жетекчилик кызматтарда иштеген. “Эмгекте артыкчылыгы үчүн” медалдын ээси.
1990 – 1995 – жылдары Бишкек шаардык советинин депутаты. Учурда “Бугук Голд лимитед” ААК тоо кендерин иштетүү боюнча генералдык директордун орун басары. Анын самбо күрөшү боюнча СССР спортунун чебери экенин айтпай кеткенде болбос. Кылымдар мына ушундай атанын уулу. Ал эми Кылымдар Асыкбек уулунун устаты Нурак Абдрахмановду “Устат” деген улуу сөз менен гана атагыбыз келет. Кудай бу кишиден эч нерсени аябаган экен. Акыркы жүз жылды айтпаганда, кийинки элүү жылда Нурак абага теңдеш таасын таланттар аз эле болду десек, башка таланттарыбыз таарынышпас.Өткөндө жазуучу Жылкычы Жапиев бизге мындай бир окуяны айтып калды: “Анда “Ала – Тоо” журналында иштеп жүргөн жаш кезибиз. Күндөрдүн биринде бирөө “О – Ой, бул жакта комузду так сүйлөткөн таасын талант бар экен. Ушул жигит филармонияда иштеп калса, кыргыз комузчулук өнөрү үчүн жакшы болмок” деп калды. Биз “Аны алып кел, угуп көрөлү” дедик. Болжошкон күнү алып келип, уктук. Эми силерге жалган, мага чын. Ал комзчу чындыгында эле, чоң комузчу экен. Комузу тим эле так сүйлөйт. Мурда – кийин андай комуз черткен кишини көрбөпмүн. Ал филармонияда иштеген, дегеле аты чыккан айрым комузчулардын атын атап, “бул комузчу бул күүнү мындай чертет” деп, анын аткаруусундагы күүнү шартылдата чертип келип, “оригиналы” мындай деп, кайра тигинин буруу кеткен жерлерин так кайрып, чала кеткендерин толуктап, бизди абдан таңгалтырды. Таасын таланттар эл ичинде жүргөн тура деп, биз бир сыйра кейип алдык. Анан филармониянын жетекчилигине мыкты комузчу бар экен, ишке албайсыңарбы деп кайрылдык. Апкелгиле, комиссия угуп көрсүн дептир. Бардык. Комуз черттирип сынап көрүштү. Бирок, ишке алышкан жок. Ал бирин – экин күүнүн оригиналын черткен мыкты комузчу эле” деп. Нурак Абдрахманов да күүлөрдүн оригиналын черткен жорго комузчу. Черткен сайын көбүрүп – жабырып, толкундап – ташкындап, өзүнө – өзү батпай, уккан адамды күү дүйнөсүнө тарта берет. Биз ошон үчүн кийинки элүү жылда Нурак абадай чоң комузчуну кезиктире элекпиз дегенибиз ошондон. Кылымдар мына ушундай чоң таланттын шакирти болуп калганы үчүн качандыр бир мезгилде өз тагдырына жана устатына кезиктирген атасына абдан ыраазы болору шексиз. Комузду жети жашынан үйрөнө баштаган. Азыркы күндө Кылымдар “Айдаралы жөргөлөк”, “Миң кыял”, “Чоң кербез”, “Акбакай”, “Солтонсары” деген күүлөрдү так кайрып чертип калды. Өзү шаардагы №39 – мектептин 3 – классында окуса да, чет өлкөлөргө чыгып, эл аралык сынактарга катышып келет. Францияда өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаштар арсында ар улуттун элдик аспаптарынын кароо сынагы болуп, Канат, Адинай деген кыз үчөө барып, биринчи орунду алып келишти. Кылымдар, Канат, Адинай – Нурак Абдрахмановдун шакирттери.
Күү өлбөсүн бар болгула шакирттер.
Маалымат булагы: “Аалам кыргыздары” журналы 2009 – жыл.