Кылымдар жаңырыгы

Википедия дан

«Кылымдар жаңырыгы» (Фр„ 1989)— Кадыркул Айдаркуловдун китеби.

Эмгек Совет бийлигине чейинки араб тамгалары менен жазылган «Семетей» эпосунун сейрек кол жазмаларын талдоого арналат. Китеп үч баптан турат. Биринчи бапта «Семетей» эпосунун Октябрь Революциясына чейинки жазылып алынган кол жазмалар тууралуу баяндама жасайт жана 1903-ж. биринчи жолу Б. В. Смирнов тарабынан фонографка Кенже-Кара семетейчинин айтуусунда жазылган «Семетей» эпосунун үзүндүсү менен тааныштырат. Экинчи бапта «Кысса Семетей бу-турур» кол жазмасынын, эпостун Алматыдан жана Кочкордон табылган айрым үзүндүлөрүнө текстологиялык талдоо жүргүзүлөт. Үчүнчү бапта кыргыз элинин «Ордо», «Тогуз коргоол» сыяктуу оюндарынын келип чыгышына, алардын ойнолуу тартибинде чагылдырылган жоокердик турмуштун айрым көрүнүштөрүнө токтолот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеернттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

http://any-book.ru/book/show/id/1334202