Кылыч тамга

Википедия дан

Кылыч тамга - басыз уруусунун курамындагы уруктар тобунун аталышы. Этностук аталыш байыркы кыргыз (түрк) доорунан маалым. Уруктар тобунун уруулук эн тамгасынын түзүлүшү сабы иимегирээк кылычты элестетет. Кылыч тамга этнониминин параллелдери ногой, каракалпак, башкыр, казактардын уруулук курамдарында бар. Эн тамганын формасы хакас-койбалдардын уруулук тамгасына өтө окшош экендиги аныкталды. Кыргыздын жедигер жана саяк урууларынын (саяк ичиндеги бир уруктун) эн тамгалары да жогорудагыдай ат менен белгилүү. Бул уруктар тобунун өкүлдөрү Сузак, Өзгөн, Акталаа, Тогузторо, бир аздап Кочкор, Жумгал, Чүй аймактарында байырлап келишет. Негизги уруктары: кожокелди, жолубай, жанай, тайчы, бакты, түгөл, тосой, богожой, каражалак, ашыр жана башка.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]