Кыл куйрук

Википедия дан
ургаачы & эркек
Anas acuta
Anas acuta

Кыл куйрук (Anas acuta) — өрдөктөр тукумундагы куш. Эркегинин ортонку куйрук канаты ичке жана узун (аты ошондон). узундугу 70 смге жакын. Ысык-Көл, Кочкор ойдуңдары жана АтБашы, Нарын өрөөндөрүндө көп кезигет. Топтошуп жашайт. Көбүнчө көл, дарыянын кургак, таштуу жээктерин байырлайт. Бир жылда эки жолу 2—3төн жумуртка тууйт. Өсүмдүк уругу, мөмөсү, гүлү менен азыктанат. Кыл куйруктун саны аз болгондуктан, корукка алынып, Кыргызстандын Кызыл китебине катталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]