Кымыздыкты мөңгүсү

Википедия дан

Кымыздыкты мөңгүсүАлай кырка тоосунун түштүк тармагынын түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 7,3 км, аянты 6,2 км2. Кызыл-Суунун (чыгыш) сол куймасы — Көк-Суунун алабынан орун алган. Башы деңиз деңгээли 4600 м, этеги жана кар чеги 4300 м бийикте жатат. Абляциясынын аянты 4,1 км2. Куралуу аймагы тоонун кырын бойлой дого сымал созулуп, «тили» кууштап кетет. Мөңгүдөн Кымыздыкты суусу (Көк-Суунун сол куймасы) башталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]