Кыпчылма капчыгайы

Википедия дан

Кыпчылма капчыгайы, кооз жер. Фергана тоо тизмегинин түштүк-батышындагы Жазы өрөөнүнүн ортолук, антедецеденттик бөлүгүн ээлейт. Жазынын оң куймасы Чыттыдан ылдый, 1950 м бийиктиктен башталып, капчыгайдын кууш оозу 1820 м бийиктикте бүтөт. Узундугу 7 кмге жакын, өтө кууш (терең каньон бөлүгү 1кмге жакын). Капталдары тик, бир кыйла жери жалама аска-зоока. Оң күн чыгыш жак бети 700-800мге жеткен тик аскалуу. Сол жак бетинде чолок сайлар, эшилме корум таштар көп. Мурда зоокаларды жарып жол салганга чейин адам аска, жарларга жармашып, терең капчыгайдан араң өтүүчү экен. Өзөндүн нугу зоокалардан түшкөн зор таштарга толгон. Жазынын суусу таштан-ташка урунуп, шаркырап, капчыгайдын ичин жаңыртып тез агат. Кыпчылманын ичи каксоо, өсүмдүктөргө жарды; бадалдар сейрек, арча, карагай чанда учурайт. Капчыгай аркылуу авто жолу өтөт. Кыпчылма, андан жогору жайгашкан Качыраалы коругу, Карашорор жана башка кооз жерлер зор кызыгууну туудурат.