Мазмунга өтүү

Кыргоол

Википедия — ачык энциклопедия
Кыргоолдор
Илимий классификация
Эл аралык илимий аталышы

Phasianus Linnaeus, 1758


Систематика
Уикитүрлөрдө

Сүрөт
сүрөт издөө
ITIS  175904
NCBI  9053
Phasianus colchicus (♂).

Кыргоол (Phasianus) — кыргоолдор тукумундагы куштар уруусу. Дене узундугу 85 смге жетет. Корозу кооз түстө, канаты жалтырак, бостеги саргыч боз. Канаты кыска, жазы; алыс уча албайт, куйругу узун. Корозу бостегинен чоң, текөөрү бар. Башы көк жашыл, ак мойноктуу. К. Европада, Борбордук Азияда таралган. Суу жээктеринде, бадалдуу токой, камыш арасында, күз, кыш мезгилинде топтошуп жашайт. Жерге уялап, 8-12 жумуртка тууйт. Жумурткасын 24-25 күндө бостеги басып чыгарат. Өсүмдүк уругу, мөмөсү, бүрү, майда омурткасыздар жана башка менен азыктанат. Кыргызстанда 2 түрү жашайт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]