Кыргыздардагы ай эсеби

Википедия дан

Кыргыздардагы ай эсеби - кыргыздар байыртадан убакыттын, мезгилдин өлчөмдөрүн өтө так эсептеп чыга алышкан. Чыгышта ай жана күн календары болгон. Кыргыз календары боюнча маалыматтар кытай жыл баяндарында эскерилет. Кытайдын Тан династиясынын жыл баяндарында кыргыздар жылдын башталышын «бао ши» же «баш ай» деп аташары жөнүндө маалыматтар бар. Көчмөн жана жарым көчмөн шартта жашоо образы, жогору даражада өнүккөн дыйканчылык маданияты абдан так суткалык, жумалык, айлык, жылдык эсептерди чыгарууну талап кылган. Кыргыздар бул так маалыматтарды жылдын мезгилдик, аба ырайынын өзгөрүүлөрүнө, жаратылыштагы кубулуштардан, элдик илим-билимдерден иргеп алышкан. Ай эсеби жана анын аталыштары жапайы аңдарга, кайберендерге байланыштуу келип чыккан. Жылдын башталышындагы ай эсеби жалган куран деп аталып, азыркы экинчи айга (февралга), ал эми жаңы жыл 11-февралга туура келет. Бул ай кийиктин (куран - кийиктин эркеги) бооз-кысыры билинбеген, арсар мезгили болот. Ай эсеби кыргыздардын байыркы тотемдик түшүнүктөрүн чагылдыруу менен бирге, аң уулоонун мезгилдик баскычтарын аныктаган. Ай эсебинин аталыштары: жалган куран, чын куран, бугу, кулжа, теке, баш оона, аяк оона (огоно - монгол тилдеринде кулжа, элик маанисин туюнтат), тогуздун айы, жетинин айы, бештин айы, үчтүн айы, бирдин айы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]