Кыргыздардагы мезгилдин (күн-түн, бир сутка) бөлүнүшү.

Википедия дан

Кыргыздардагы мезгилдин (күн-түн, бир сутка) бөлүнүшү. Кыргыздар байыртадан убакытты бөлүштүрүүнүн так эсебин иштеп чыгышкан. Бир суткадагы убакыт өлчөмү ЗЗкѳ бөлүнгөн: 1) таң каракчы; 2) таң дүмпөйүү; 3) таң куланөөк; 4) таң кылаюу; 5) таң аппак атуу; 6) күн чыккан; 7) күн тоо-тоонун башына тийген; 8) күн көтөрүлгөн; 9) күн текши тийген; 10) шашке; 11) улуу шашке; 12) жалган түш; 13) чак түш; 14) түш кыя; 15) түш оогон; 16) сарт бешим; 17) кыргыз бешим; 18) ала көлөкө; 19) намаздигер; 20) күн батар; 21) күн батканда намаз шам; 22) бүүрүл - киши таанышар-таанышпас; 23) эл аягы басыла; 24) намаз куптан; 25) тамак ичер; 26) тамакты текши ичкен, эл жатар; 27) эл текщи жатканда; 28) уйкуга кирерде; 29) текши уктаганда; 30) Түн ортосуна жакын; 31) түн ортосу; 32) түн ортосу оогондо; 33) таңга жакын, зоор жана насыпай атым, бээ саам, жарма бышым эт бышым, жарым күн, түш жарым, жарым түн, бир күн, күнү, түн жана башка убакытты бөлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]