Кыргыздардын жана алтайлыктардын этномаданий байланыштары

Википедия дан

Кыргыздардын жана алтайлыктардын этномаданий байланыштары - кыргыздардын жана алтайлыктардын этногенетикалык жана этномаданий алакаларын изилдөөчү-адистердин монографиялык эмгектери, бул багыттагы тарыхый-лингвистикалык материалдар, элдик оозеки жана санжыралык маалыматтар ырастайт. Ата мекендик жана чет өлкөлүк окумуштуулар тарабынан классификациялык белгилери боюнча кыргыз тили алтайлыктардын (түштүк алтайлыктар) тилине теги жакындыгы аныкталып, түрк тилдеринин генеалогиялык бөлүнүүсүндө чыгыш хунну бутагындагы өзгөчөлөнгөн кыргыз-кыпчак тобун түзөрү иликтенген. Кыргыз жана алтайлыктардын (түштүк алтайлыктар) тилдик жалпылыгы таанымал кыргыз окумуштуусу Б.М.Юнусалиевдин эмгектеринде кенен чагылдырылган. Кыргыздардын жана алтайлыктардын тилин бириктирген белгилер жалпы негиздүү бир тилдик чөйрөдө, Алтай жана ага чектеш аймактарда өнүгүп, этностук жана тилдик жалпылыктар 1 миң жылдыктан кеч эмес мезгилдерде эле калыптанган Бул көз караштар соңку мезгилдердеги иликтөөлөрдө бекемделип келе жаткандыгын белгилөөбүз зарыл. Алтайлыктар тилдик, маданий-этностук өзгөчөлүгү жагынан айырмачылыгы бар эки топко бөлүнүшөрү маалым. Түштүк алтайлыктар: теленгиттер, алтай кижи, төөлөстөр, майма кижилер (маймалар); түндүк алтайлыктар: тубалар (туба кижи), челкандар (куу кижи), куманды, шорлор. Түндүк жана түштүк алтайлыктардын этнографиялык өзгөчөлүктөрү Саян-Алтайдын бир топ айырмаланган материалдык жана табигый географиялык шарттарында калыптанган. Түштүк алтайлыктардын этнографиялык өзгөчөлүгү, жашоо шарты көчмөн жана жарым көчмөн турмушка ыңгайлашса, түндүк алтайлыктар турмуш шарты көп кылымдар бою жөө жүрүп аңчылык жасоого, балыкчылык, кетмен дыйканчылыгы, жыйноочулук турмушка калыптанып калышкан. Алтайлыктардын эки тобунун ортосунда үй жана анын жасалгаларында, кийим-кечесинде, элдик оозеки чыгармачылыгында, көркөм өнөрүндө, нрава, каада-салттарында, диний ишенимдеринде бүгүнкү күнү да кескин айырмачылыктар сакталып келет. Мындан сырткары, бул эки этнографиялык топтордо антропологиялык жактан айрым өзгөчөлүктөр бар экендиги илимде белгилүү. Этностук аталыштардагы, уруулук эн тамга белгилериндеги, материалдык жана руханий маданияттын үлгүлөрүндөгү параллелдер, элдик уламыш, санжыра жана жомоктордогу маалыматтар, жер-суу аттары жана башка окшоштуктар кыргыздар жана алтайлыктардын түпкү тарыхый теги жалпы экендигин айгинелейт. Соңку жарым кылымда жүргүзүлгөн археологиялык иликтөөлөр Алтай, Теңиртоо жана Памир-Алайды мекендеген уруулардын тарыхы, маданий-этностук алакалары коло доорунан эле башталып, кийинчерээк скиф (сак) доорунда да улангандыгын Далилдеп койду. Андан соңку доорлордо Алтай жана Теңиртоо аймактары бир мамлекеттик түзүлүштөрдүн (Түрк каганаты) курамына киргени төгүн эмес. Кыргыздардын Саян-Алтай аймагын байырлаган уруулар, элдер менен болгон түз этностук алакалары б.з. 7-к. чектеринде, өзгөчө Кыргыз каганатынын үстөмдүк кылган мезгилдеринде тыгыз жүргөн. Саян-Алтай элдеринде айтылып келген байыркы болмуштар менен санжыраларда кыргыздар ушул аймактардын түптүү (автохтондуу) калкы катары каралат. Д.Г.Савинов энесайлык кыргыздардын маданиятынын Алтай жана Чыгыш Казакстандагы локалдуу варианттары теңир тоолук кыргыздардын (5 варианттын ичинен) тарыхый маданиятына олуттуу таасирин тийгизгендигин белгилейт. Борбордук Азияда (Түштүк Сибирь, Монголиянын аймактары) 6-кылымдан 13-к. 30-ж. чейин, өзгөчө 840-ж. белгилүү тарыхый окуялардан соң кыргыздар аталган аймактардын саясий-социалдык турмушунда, этностук- маданий процесстерде негизги ролду ойной башташкан. Буга бүгүнкү тува, алтайлыктар, шор, хакас, моңгол жана башка курамдарынан кездешкен «кыргыз» этнонимдери далил боло алаары шексиз. Мындан сырткары, бул кенен аймактан байыркы кыргыздар калтырган таш бетиндеги жазуулар, көптөгөн санжыра-уламыштар, жер-суу аттары бул маалыматтарды бекемдейт. П.Берков, Т.Абдракунов, Р.З.Кыдырбаева, Э.А.Абдылдаев жана башка «Алып- Манаш» жана «Манас», «Эр Төштүк» жана «Маадай-Кара» эпосторуна салыштырмалуу иликтөөлөрдү жүргүзүшкөн. Эпостордун архаикалык катмары Борбордук Азиянын аймактары менен терең байланышкан жана дал ушул аймактарда кыргыз эпосунун негизи калыптана баштаган. П.Н.Берков «Манас» эпосун Алтай эпосунун соңку мезгилдеги өнүгүшү, анын уландысы катары караган. Бул маселеде кыргызтаануучу И.Б.Молдобаевдин изилдөөлөрү, илимий тыянактары бар. Автор өз изилдөөлөрүндө көтөрүлгөн маселени чечүүдө, аны жаңы сапаттык деңгээлде иликтөөдө эпостогу өтө кенен, бай тарыхый-этнографиялык маалыматтарга таянат. Автордун «Манас» эпосунун маалыматтарына таянган иликтөөлөрү кыргыз-алтай, жалпы эле Түштүк Сибирь Монголиянын этностук чөйрөсү менен болгон тарыхый жалпылыктарды, алакаларды аныктоодо оригиналдуу булак болуп калат. Эпостун толук варианттарында Жакып кырк үйлүү кыргыз менен Алтайга, калмактардын жерине сүрүлүп, ошол жерде Манас төрөлүп, чоңойгондугу өзүнчө салттык окуя болуп баяндалат. Ошондой эле «Чоң казат» (Чоң чабуул) сыяктуу негизги согуштук окуяда калмактарга каршы уруштар Алтай чөйрөсүндө өткөндүгүн байкоого болот. Эпостун тексттеринин мазмунунан Алтай мурда калмактардын мекени (Жунгария) болгондугу тууралуу айтылып жаткандыгын көрүүгө болот. Тарыхый жактан алганда, 13-к. I жарымында ойрот уруулары Алтай-Кангай (Батыш Монголия) тоолорунун этектериндеги аймактарга ооп келип, кыргыздардын чыгыш жагындагы коңшусу болуп калат. Эпостон төмөндөгүдөй саптарды кездештирүүгө болот:

...Алтайда арбын кыргыз деп, -

Карап калган жылкыны

Кагып-согуп айда деп...

...Алтайдан келген кыргыз деп,

Каңгайдан келген качкын деп,

Асыла берип атаке,

Калбагын тактан айрылып

(«Манас», II китеп, 1988, 128, 166).

Алтай аймагы эпосто Жакыптын адашып жашап турган жери катары да кеңири айтылат. Эпосто чагылдырылган конкреттүү топонимдер боюнча Жакыптын жердеген конуштары Теңиртоонун чыгыш бөлүгүндөгү аймактар экендиги ачык берилген. С.Исаев жана Ж.К.Сыдыковдор эпостогу 840 топонимге иликтөө жүргүзүшүп, Алтай - 153, Букар - 248, Бээжин - 934, Кең-Кол - 142, Талас - 653, Каңгай - 27, Иле - 22, Кең-Өзөн - 14, Лоп - 14, Кашкар - 36 ирет эскерилерин жазышат. Т.Абдракунов эпостогу Бээжин жана Каңгай топонимдеринин негизинде кыргыз урууларынын локалдашуусу, дастандагы негизги тарыхый окуялар жөнүндө өзүнүн жүйөлүү пикирин айтып келери маалым.

Эпосто Манастын туулган жери тууралуу:

Адамдын жетпес дабаасы,

Алтайдын Салкын-Суунда

Анда туулган неме дейт

Кыргыздын кыраан Манасы.

Эртиштын суун жердеген,

Эрегишкен адамдар

Эгерде аны жеңбеген...

...Өзү Алтайда туулду,

Билсең кадыр түн келди.

Бул Алтайдын түзүнө

Чоң кемеге оюлсун,

Уй менен төөң союлсун,

Калбай баары тоюнсун» - деген саптар айтылат.

Алтайлыктардын «Алып-Манашы» жөнүндө П.Н.Берков мындайча жазат: «...Алып-Манаштын сюжети (Кыргыз-хандын кызы Күмүжек-Аруу жана анын теги жөнүндө) солярдуу-мифологиялык мүнөзгө ээ болгон алтайлык кыргыздардын дастанын кандайдыр деңгээлде чагылдырат. Кыргыздар Теңиртоого журт которгондо жана башка тарыхый шарттарда бул сюжет мифологиядан эпикага, кийинчерээк тарыхый окуяга өсүп чыккан. Алтайдагы «Алып-Манаш» Манас баатыр жөнүндөгү байыркы сюжеттин өнүгүүсүнүн экинчи этабы болуусу мүмкүн «Алып-Манаштагы» эскерилген Кыргыз-хан XVII к. чейин жашаган, түндүк алтайлыктарга салык салган, салык жыйнаган кыргыздар жөнүндөгү эстелик болуп саналат. Кыргыз княздары алтайлыктарды өздөрүнүн кыштымдары (түбөлүк салык төлөөчүлөрү) катары билишкен. Кыргыздардын жана алтайлыктардын ата-бабаларынын маданий-этностук алакалары Кыргыз каганаты саясий аренага чыга баштаган мезгилден тарта күч ала баштайт. Археологиялык маалыматтар боюнча, кыргыз маданиятынын алтайлык варианты болжол менен Тоолуу Алтайдын аймагы менен дал келет. Түндүк тараптан кыргыздар жана кимактардын чек арасы бүгүнкү Тоолуу Алтайдын түндүк тоо кыркалары аркылуу өткөн. Тоолуу Алтайда Энесай кыргыздарына таандык археологиялык эстеликтер бир топ санда учурайт. Алар түзүлүшү жагынан Хакас-Минусин ойдуңундагы чаатастарды элестетет. Бул жерде кыргыздар түрк-телелер (төөлөс) менен өз ара этностук-маданий алакада болушканы анык. Мөндүр-Соккондогу (Тоолуу Ал- тай) руникалык жазууда: «ал түрк»..., ал эми башка бир жазууларда: «Менин улуу агам..., баатыр жана атактуу кыргыз» деген маалыматтар бар Тоолуу Алтайдын батышынан (Карабөлих көрүстөнү) өрттөп көмүү салты менен коюлган кыргыз жоокеринин көрүстөнү табылган. Бул эстелик кыргыз жапырыгынын (9- 10-кк.) мезгилине таандык. Б.Е.Кумеков жана К.Цеглединин тыянактарында Гардизинин кимак, тогуз-огуздар жөнүндөгү жазган маалыматтары 8-9-кк. таандык. Гардизи: «Теги славяндардан чык- кан кыргыздардын башчысы кимак жана тогуз огуздар жашаган бир аймакка келип туруп калды; тогуз-огуздардын ханы өз эли менен чырлашып кеткенде, огуздар анын (кыргыздын) бийлигине өтө башташты; ал баарына калыс, ырайым мамиле жасагандык- тан, эл бүтүндөй анын тарабына өтүп кетишти...» Автор жыйылган көп элге Кыргыз деген ат ыйгарылганын жазат. Бул архаикалык уламыш катары жазылганы менен, анын булак катары мааниси бар. Кубаттуу жана көп сандуу теле жана тугюлардын тукумдары болгон 9-10-кк. алтайлык түрктөр кыргыздардын мамлекетинин курамына киришти. Бул аймакта кыргыздар болгондугун руникалык жазуулардагы маалыматтар да ырастайт. Изилдөөчүлөрдүн пикирлеринде Алтай аймагына кыргыздардын айрым бөлүктөрү 9-к. чоң саясий күчкө ээ боло элекке чейин эле көчүп келүүлөрү мүмкүн. Мөндүр-Соккон деген жердеги жазуу эстелиги курман болгон кыргыз аскер башчысына, кагандын кеңешчисине арналып курулган. Д.Г.Савинов өзүнүн акыркы иликтөөлөрүндө энесайлык кыргыздардын Түштүк Сибирдеги жана Чыгыш Казакстандагы калтырган эстеликтери Чыгыш Теңиртоого чукул жерлерден табылып жаткан эстеликтер менен толук дал келерине токтолот. Кыргыздар көп сандуу, согушчан эл болушкан; хакастарда «хыргыстың хыргычы» - «кыргыз каармандыгы», калмактарда («хэргс») кыргыздар «каардуу», «жаалдуу» деген кошумча ат менен белгилүү болушкан». Саян-Алтайдын тоолуу-токойлуу аймагын мекен кылышкан түндүк алтайлыктар (шорлор, чулумдар, куманды, челкандар, тубаларлар), энесайлык кыргыздардын мурдагы кыштымдары түндүктөгү жашаган көчмөн-кыргыздардын катаал чабуулдарын бүгүнкү мезгилде да эскеришет. Түндүк алтайлыктардын элдик оозеки чыгармаларында кыргыздар басып алуучулар катары баяндалат. Кыргыздар бир жолу Лебедь (Куу) дарыясынын өрөөнүнүн жашоочуларына кол салышып, баарын кырып салышат. Бул элден үч гана бир туугандар: Күзөн, Шалганныг, Шакшылыг аман калышат. Бул балдардан бүгүнкү челкан жана тубалардын уруктары тарайт

Кыргыздардын Түштүк Сибирь элдерине үстөмдүгү шаман мифологиясында да чагылдырылат. Түндүк алтайлыктардын (челкан, тубалар, куманды) түшүнүгүндө көк асман (Көк Теңир) ээси Улгендин тогуз уулунун бири Кыргыз-хан деп аталган. Ал адамдардын үстүнөн башкы казылык милдетти аткарат имиш. Ал эми Тува шамандарынын эң күчтүү жана абройлуу колдоочу духтарынын бири «Кыргыс-ээрен» деп аталары жалпыга маалым. Түштүк- Сибирдин элдеринин уламыштарында кыргыздардын Алтайдан түштүккө көчүп өтүшкөндүктөрү, айрым элдерде жаратылыш кырсыгынан - топон суудан курман болушкандыктары баяндалат. Кыргыздардын Саян-Алтайды калтырып кетишкени жөнүндө сюжет элдик уламыштарда да чагылдырылат. Теленгиттердин элдик чыгармаларында кыргыздар Түштүк Алтайдын эң байыркы жашоочулары катары баяндалган. Талаа жерлерине кыргыздар арык казышып, суу алып чыгышат. Чыга баштаган дарактарды жердин мүйүзү катары түшүнүшүп, бир эле түндө Алтайдан түштүккө карай көчүп өтүшүптүр. Дал ушундай сюжеттеги кыргыздар тууралуу уламыштар шорлордо, хакастарда, чулумдарда сакталып келери маалым. Кызыктуусу, шорлор жана түндүк алтайлыктар, челкандар хакастарды азыр да «кыргыздар» деп аташары белгилүү «Илгери өткөн замандарда кыргыздар алтайлыктар менен чогуу жашашып, бир хандыкты түзүшкөн. Болжол менен алганда, мындан 300 жыл мурда тынымсыз согуштардан, түркүн кырсыктардан колунда бар адамдар көчө башташыптыр. Бөлүнүп көчүп кеткендер кыргыздар эле. Минерге аты жок, көчө албай тоодо жашап калгандар алтайлыктардын элдик санжырасы боюнча «алтайлыктар» деп аталып калышыптыр». Кыргыздардын жана алтайлык- тардын өтө чиеленген этностук-маданий алакаларын акыркылардын курамындагы «кыргыз» этноними да чагылдырат. Бул энесайлык кыргыздардын алтайлыктардын этногенезине өтө активдүү катышкандыгын далилдейт. Уруу-урук, эл аталыштарындагы параллелдүүлүктөр жөнүндө түрколог Н.А.Баскаков майда жана ири уруулардын аталыштары тууганчылык жакындыктын далилдүү белгилери болуп эсептелерин жазат. Ушул топтогу тилдердин (тилдердин генеалогиялык жиктелүүсүндөгү кыргыз-кыпчак тобу жөнүндө) өзүнүн субстраты катары үлгүлөрү биздин күнгө чейин келип жеткен байыркы кыргыздардын Энесайдагы жазуу эстеликтеринде чагылдырылган диалектилери мисал боло алат. Тектеш эки элдин курамындагы этностук аталыштарга назар салганыбызда алардын басымдуу бөлүгүнүн байыркы түрк жана ага чейинки мезгилдерде (доорлордо) пайда болгондугу байкалат. Кыргыздардын жана алтайлыктардын курамдарындагы кыргыз, кыпчак, дөөлөс (төөлөс), тогуз, татар, азык, төрдөш, этнонимдери Орхон-Энесайдагы руникалык жазма эстеликтеринде өз алдынча уруулар, уруулук бирикмелер катары чагылдырылат. Аталган байыркы уруулар жана элдер кыргыздардын жана алтайлыктардын курамына этнокомпоненттер катары жуурулушту. Түштүк алтайлыктардын жана кыргыздардын курамдарындагы «мундуз» этноними эки элдин тарыхый жалпылыгын реалдуу түрдө чагылдырат. Аталган элдердин ири уруулук аталыштарында гана эмес, майда этностук аталыштардагы параллелдер илимий негиздүү мааниге ээ. Мисалы, кыргыздын мундуз уруусундагы коткор мундуз, зулум мундуз этнонимдери алтайлыктардагы «коткор мундус», «чулум мундус» урук аттары менен параллелдүүлүктөрү аныкталды. Төрдөш, коткор мундус, зулум мундус, көгөл (көк) найман, улаан, таздар, чакшылык, кабели (бугу) - кобалы, кебек, көбөк, тогуз (багыш) жана башка ушундай сыяктуу бир катар этнонимдер эки элдин гана уруулук курамдарынан кездешет. «Манас» эпосунда кыргыз жана алтайлыктардын курамына жуурулушкан найман, (калың найман, орчун найман), дөөлөс, кыпчак ж. б. ири уруулар жөнүндө маалыматтар бар. Белгилүү аалым В.И. Вербицкий мундуз жана төөлөс урууларын (алт. сөөк) теги жөнүндө төмөндөгүдөй уламышты жазып алган: «Чоң согуштан кийин кырылган элден бир гана кыз аман калат. Ал кыз жамгыр жаап өткөндөн соң, мөндүр менен чогуу жаткан эки данды жеп коет. Ошондон боюна бүткөн кыз адамдар жашаган жерди таап, көз жарат, аларга Мундус деп ат коет. Кийинчерээк турмушка чыккан кыз дагы бир эркек бала төрөйт. Үч бир тууган эр жетип, менчикти бөлө турган мезгил келип жетет. Энчи бөлүшкөндө бир төө ашып калат экен. Эң кенжеси: «Төөнү кайтарып, баккан мен болсом, эмне үчүн аны мага бербейсиңер!» - дегенде, атасы: «Сенин тукумуң Төөлөс аталсын!» - деп айтат. Ашыкча кой сураган ор- тончу уулу «Коткор Мундус» деген ат алат. Үчүнчү бир тууганы: «Атаке! Мага сенин батаң эле керек, мен ошого ыразымын!» - дегенде атасы: «Сен чыныгы Мундус бол!» - деп айтыптыр. Мундус жана төөлөстөр мөндүрдүн, чагылгандын жана жамгырдын ээсине курмандык чалып турушат. Кыргыз санжыраларында төөлөс, мундуз, найман, кыпчактар эң байыркы уруулар катары баяндалат. Илимий экспедиция учурунда (2003-ж) Оңгудай аймагындагы төөлөс, кыпчак, найман (майман) урууларынын өкүлдөрү жашаган айылдарда болуп, баалуу маалыматтарды жыйнадык. Кыргыздардын жана алтайлыктардын уруулук аталыштарындагы жалпылыктар да этногенетикалык алакаларды чагылдырат. Төмөндө этнонимдердеги параллелдүүлүктөрдүн жалпы тизмеси берилди: кыргыз - кыргыз (алтай кижи), саруу - жети сары (алтай кижи), саруу - сарык, жарике (саяк) - йарык (алтай кижи), кабели (бугу) - кобалы (алтай кижи), мурат (басыз, саяк, чекир саяк) - мерет (алтай кижи), найман - найман (алтай кижи), азык (төрт тамгалуу азык уруусу) - төрт ас (теленгит), кара найман (найман) - кара найман (алтай кижи), моңолдор - могол (алтай кижи), могол (оргу) - могол (алтай кижи), меркит (дөөлөс) - меркит (алтай кижи), муркут (дөөлөс) - меркүт (алтай кижи), коткор мундуз (муңдуз) - кочкор мундуз (алтай кижи, туба кижи), туба (саруу) - туба кижи, мундуз - мундус (алтай кижи, туба кижи), зулум мундуз (мундуз) - чулум мундуз (мундус), чулум кашка (дөөлөс) - чУлум мундус (мундус), сакалды (кушчу) - сагал (алтай кижи, теленгит), төрт таз (солто) - дорты (теленгит), сарттар (адигине уруулук тобундагы уруу) - сарт (алтай кижи), чулман (дөөлөс) - ман (телеут), кара тон (жедигер) - тон (алтай кижи), кара чоро (генеоним) - чорос (алтай кижи), дөөлос (төөлөс) - төөлөс (теленгит), ак тонду (басыз) - тон (куманды), улаан (коңурат) - улаң (куманды), кебек (дөөлөс) - көбөк (телеут), кара сакал (баргы) - кер сакал (куманды), калдар (тейит) - каал (алтай кижи), кураң найман (найман) ~ элик (алтай кижи), туума тукум (наймаң) — тумат (алтай кижи, телеут), тогуз (багыш) - тогус (туба кижи), татар (муңгуш) — татар (алтай кижи), таздар (нойгут) — тастар (куманды), төрдөш (кытай) - төдөш (алтай кижи), кара төөдөш (алтай кижи, телеут), жакшылык (бугу) - чакшылык (куу кижи), көкө найман (найман) - көгөл найман (найман), байат (тейит) - байат (теленгут), ак кийиз (саруу) - кийис бөрүк (туба кижи) жана башка ушундай сыяктуу Кыргыздардын жана алтайлыктардын (түштүк алтайлыктар) түрк тилдеринин генеологиялык классификациясындагы өзгөчөлөнгөн кыргыз-кыпчак тобуна кириши эки элдин этногенезиндеги кыпчак элементин чагылдырат. Буга мисал катары эки элдин курамында- гы эң ири деп эсептелген кыпчак уруулары далил боло алаары шексиз. Этнонимдик параллелдер кырыздардын жана алтайлык- тардын түпкү жалпылыгын аныктайт. Бул жалпылыктар тилдик маалыматтар менен да бекемделет. Таанымал иликтөөчү Н.А.Бас- каков 12-14-кк. чектеринде типологиялык жана негизги өзгөчөлүгү жагынан кыргыз тили кыпчакташуу процессин башынан өткөргөн деген илимий тыянакты айтат. Диний ишенимдерден да жалпылыктарды байкоого болот. В.В.Радлов XIX к. II жарымында (1862- ж) кыргыздардын арасында болуу менен бирге, аларга ислам дини толук тарай электигин, шаман динине, ата-бабалардын арбагына, жаратылыштын кубулуштарына көбүрөөк маани берилерин жазат. Кыргыздардын бугу уруусунун сыйынган тоолору Күңгүрөмө, Чолпон, (С.М.Абрамзондо - Чолпон-Ата), Алабашы-Ата жана башка болгон. Алтайлыктарда, хакас, тува, шорлордо тоо-ташка сыйынуу, обоо таштарды орнотуу, түлөө өткөрүп, курмандык чалуу, алардын диний-философиялык түшүнүктөрүндөгү өзгөчө ритуал болгон. Памир-Алай тоо кыркаларындагы ашууларда курулган обоо таштар, таш менен курчалган дөбөлөр кездешет. Ал жерлерден эчки-текенин, койдун жана башка жаныбарлардын мүйүздөрүн, жерге сайылган союлдардан топоздун байланган куйруктарын, түрдүү кездемелерди учуратууга болот. Бул ыйык тоолор үчүн атайын курмандык чалууларды туюнткан. Бул байыркы диний салт бүгүнкү күндөргө чейин жашап келет.

Алтайлыктардын жана кыргыздардын тамак-аштарында, аны жасоо ыкмаларында, терминологиясында өтө көп аналогдор сакталып келет. Сүт, ун, эт азыктарынан тамак-аш жана суусундуктарды даярдоодо жалпы, бирдей ыкмалар колдонулган. Мисалы, быштак айран, курут, сүзмө, каймак жана башкалар. Кымыз эки элдин байыртадан даярдалып келген чыныгы элдик суусундугу болуп эсептелет. Тан династиясынын (7-10-кк.) жыл баяндары Саян-Алтай урууларында кымыз суусундук жана мас кылуучу ичимдик катары пайдалангандыгы баяндалат. Сыйлоо учурунда кымыз ичкен адамдар бирин-бири теке маңдай олтуруп алып ырдашкан. Кымыздан жасалган арак эки элде эзелтеден эле белгилүү. Алтайлыктарда өзгөчө сүттөн (чеген) жасалган арак кеңири тараган. 20-к. алтайлыктардын негизги суусундуктары кымыз, сүттөн жасалган арак чеген жөнүндө В.И.Вербицкийдин жазган маалыматтары бар. В.В.Радлов да алтайлыктардын жашоо образы, тамак-ашы, каада-салты боюнча өтө кызыктуу маалыматтарды жазат: «Кыргыздардын укмуштуудай даамдуу даярдалган кымызынан соң, алтайлыктардын чегенин иче албай койдум». Кыргыздардын жана алтайлыктардын сүт азыктарынан башка эң негизги тамагы жылкынын эти болгондугу маалым. Кыргыздарда койдун, жылкынын, уйдун эти өзгөчө бааланган. Эт азыктары эки элдин рационунда сезондук мүнөзгө ээ болгон. Эт өзгөчө күзүндө жана кышында тамак-ашка көп колдонулган. Эт азыктарынан тамак-аш даярдоо ыкмаларында да жалпылыктар кездешери илимий адабияттарда чагылдырылып келет. Дан азыктарынан (буудай, таруу жана башка) да түрдүү тамак-аш даярдалган. Кыргыздарда жана алтайлыктарда ун азыктарынан нан, көмөч нан, боорсок, катырма (чокто даярдалган нан), көжө, тал- кан, көмкөрмө, кесме жана башка ушундай сыяктуу тамак-аштар белгилүү болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]