Кыргыздардын жана тувалардын этномаданий байланыштары.

Википедия дан

Кыргыздардын жана тувалардын этномаданий байланыштары. Адамзаттын байыркы доордон бүгүнкү мезгилге чейинки узак өнүгүү тарыхында түрдүү этностук жалпылыктардын калыптануу процесси, өнүгүүсү, кулашы, бир этностук жалпылыкты экинчи бир этностук жалпылыктын алмаштырышы тынымсыз жүрүп келет. Тарыхый аренада б.з.ч. 3-к. белгилүү болгон кыргыздар атал- ган аймактардын этностук тарыхына, этногенезине, маданиятына узак мезгилдин аралыгында таасир тийгизгендиги, өз кезегинде жергиликтүү этнокомпоненттерди курамына сиңиргендиги далил боло алаары шексиз. В.И.Козлов мындай деп жазат: «Этностук жалпылыктын биринчи тиби болгон алгачкы коомдогу урууларда - аймак (территория) «ата мекен», «ата-журт» маанисинде эмес, жашоонун негизги өбөлгөсү болгон табигат менен байланышкан жашоо шартын аныктаган. Уруунун (уруктун) мүчөлөрүн негизинен аймак же тил эмес, жалпы бир тектен тарагандык байланыштырган». Алгачкы коомдогу уруулардын жер которуусу алардын этностук бир бүтүндүгүнө зыян келтирген эмес. Уруулук түзүлүштүн жана уруулук идеологиянын (ата-бабалар культу) өнүгүүсү, жарым отурукташууга өтүү менен бирге, ошол территория (аймак) уруулук культтар жайгашкан «ата-бабалардын жерине айлана баштайт». Кызыктуусу, кыргыздардын түшүнүгүндө Саян-Алтай жана Теңиртоо бир эле учурда «ата-бабалардын» жери деп аталары маалым. Саян-Алтай түрктөрүнүн фольклорунда, тарыхый лексика- сында, этнонимиясында, топонимиясында, антропонимдеринде кыргыздар менен өтө тыгыз жалпылыктар бар. Кыргыз-тува тарыхый-этностук, маданий байланыштары тууралуу айрым гана иликтөөлөр белгилүү. Эки элдин алакалары боюнча С.М.Абрамзон, С.В.Вайнштейн, Л.И.Иотапов, В.И.Дулов, В.П.Сердобов. И.В.Молдобаев жана башка өз эмгектеринде учкай кайрылып кетишет. Тувалардын тарыхындагы «Кыргыз каганатынын» мезгили «История Тувы» деген китепте да чагылдырылат.

Байыркы мезгилдерден (6-7-кк.) азыркы Туванын этностук курамы бир кылка болгон эмес. Бул жерлерде жана ага жамаатташ аймактарда чыгыш теги жагынан, тили боюнча жакын уруулар көчүп-конуп жүрүшкөн. Тувалардын байыркы бабалары болгон теле же гаогюйлар кытай жыл баяндарында өздөрүн хуннулардын тукумдары деп эсептешкени чагылдырылат. Теле - өз алдынча ири уруулук конфедерация болгондугу белгилүү. «Тува» - байыркы «дубо-тубо-туба» этностук аталышынын фонетикалык айрым өзгөрүүгө учураган формасы. Байыркы этнонимдин кыргыздарда тубай (саруу), төбөй, туума тукум (найман), туума кашка (саруу) жана башка параллелдери бар экендиги маалым. Археологиялык маалыматтар боюнча, 3-6-кк. Саян-Алтайда бир нече маданий очок- тор жашаган. Булар байыркы эрте кыргыз, эрте төөлөс, эрте кыпчак элементтери болгон. Кытай жыл баяндарында туболор (дубо) уйгурлардан түндүктө, кыргыздардан чыгышта жашаары айтылат. Дуболордун жери түштүктө Косогол көлү менен чектешкен Тувалардын ата-бабаларынын аталган этностук бирикмелер менен алакаларын уйгур-ондор, туба, кыргыс, толанко (теленгит) урууларынын бүгүнкү күндө сакталып калышы далилдей алат. Мындан сырткары, Тувада чик жана аз уруулары (7-9-кк.) да көчүп-конуп жүрүшкөндүгү маалым. Ал эми тува элинин энчилүү аты болуп калган «дубо» этноними б.з. 5-к. Вей жана Суй династияларынын жыл баяндарынан белгилүү. Көпчүлүк иликтөөчүлөр «дуболор» этностук жактан самодий тилдүү болушкандыгын, кийинчерээк түрктөшкөндүгүн белгилешет. Башка этностук компоненттерден «ач» жана «тогуз татарларды» белгилеп кетүүгө болот. С.В.Киселев «ач» урууларын 7-8-кк. Июстан Уйбатка (Минусин) чейин аймактарды байырлаган кыргыздардын бир бөлүгү деп жазат. Бул пикирди башка иликтөөчүлөр да колдоп келишкени маалым. 820- 840-жж. кыргыздар Уйгур каганатын талкалап, азыркы Туванын аймагы Кыргыз каганатынын курамына кирип калат. Хакас-Минусин, Туванын аймактары каганаттын мамлекеттик түзүлүшүнүн өзөгү болгон алты багка (аймак, округ, область) бөлүнгөн. Кыргыздар Туванын аймагын байырлаган уруулардын этностук жүзүнө, материалдык жана руханий маданиятына, прикладдык искусствосуна зор таасирин тийгизишти. Кыргыз каганатынын (9-13-кк.) курамына кирген ошол мезгилдеги этностук топтор азыркы тувалардын, хакас, тофалар жана шорлордун ата-бабалары болушкан. Саян-Алтай элдеринин өз ара этностук-маданий жалпылыктары Кыргыз каганатынын доорунда калыптанган. Каганат кулагандан соң, кыргыздардын айрым бөлүктөрү Туванын аймактарында жашап кала беришкен. Кыргыз каганатындагы 360 жылга созулган салыштырмалуу тынч, бейкут турмуш уруулардын эркин көчүп- конуп жүрүүсүнө шарт түзгөн, айрым этностук топтордун өз ара жуурулушуна алып келген. Кыргыздар уйгурларды моюн сундургандан соң, кыргыз каганы мамлекеттин борборун, өргөөнү Танну- Ола (Туванын түштүгү) тоосунун күңгөй жагына көчүрөт. 917-эк кыргыздарды азыркы Монголиядан кара кидандар (Ляо династиясы) сүрүп чыгарган. Бул тарыхый, согуштук-саясий окуялардан соң (917-ж. кийин), Тува жана Минусин ойдуңу кыргыздардың ээлигинде кала берген. 9-13-кк. Энесай бассейнинин этностук курамында бир топ өзгөрүүлөр болуп өткөн. Бул этностук-маданий процесс кыргыздардын көчүп келүүсү менен байланышкандыгың археологиялык эстеликтер, сөөктү өрттөп көмүү салты далил боло алат. Мындан сырткары, Туванын аймактарында кенен тараган көп сандуу «кыргыс» уруктары, фамилиялары көп кылымдар бою өкүм сүргөн кыргыздардын саясий бийлигин чагылдырат (История Тувы, Т.І, 163-170). «Кыргыс» Тува аймагында кенен тараган фамилия катары белгилүү. Тувадагы кыргыз уруулары көп сандуу болгондугун 17-к. жазма булактар да тастыктайт. Белгилей кетчү өтө кызыктуу маселе, тувалардагы эң ирилерден деп аталган эки «кыргыс» урууларынын бири 9-к. Кыргыз мамлекетинин борбору жайгашкан Танну-Ола тоосунун этегине туташ жайгашкан Сайзыг-Гол, Эрзин, Нарын дарыяларынын өрөөндөрүн мекендеп келишет. Экинчи ири уруулук бирикме Чаа-Хол, Шаган, Арысу, Элли- Хем, Чадан, Бом-Хемчик, Улуг-Хемдин аймактарын мекендешерин өз мезгилинде Н.Ф. Катанов белгилеген. 1923-ж. Салжак кошунунда жүргүзүлгөн административдик кайра курууларда кыргыз урууларынын аксакалдары өздөрүнүн ата-бабаларын Саян тоолорунун аркы жагынан көчүп келишкендигин айтып беришкен. Бул кыргыздар өтө оокаттуу жашашкан, Балыктыг-Хем, Кундус дарыяларынын өрөөндөрүн мекендешкен. Алар мал чарбачылык менен кесиптенишкен, жайлоо-кыштоо системасында вертикалдуу көчүп-конуп турушкан. Мамлекеттин саясий борборун жаңы орунга көчүрүү кыргыздардын жайгашуусуна, локалдашуу процессине өз таасирин тийгизген. 9-10-кк. кыргыз эстеликтери негизинен Туванын аймагына топтолгону маалым. Энесай бассейниндеги байыркы кыргыз жазуу-эстеликтеринин жарымынан көп бөлүгү Туванын аймагынан табылган. Кыргыздар Туванын аймагындагы мал чарбачылыктын, дыйканчылыктын, металлургиялык өндүрүштүн, сугат системаларынын өнүгүүсүнө чоң таасирин тийгизишти. Алтын, күмүш, коргошун өндүрүү жогорку деңгээлде өнүккөн. Курал-жарактардын үлгүлөрүн жасоо жаңы баскычтарга көтөрүлгөн болучу. Кыргыз аскер көчмөндөрү (военные переселенцы) сугат жерлерди өздөштүрүп, дыйканчылыктын жаңы маданиятын алып келишкен эле. Темирден жасалган ороктор, соколор колдонулган. Кытай жыл баяндары: «Тяньмань тоосунун (Танну-Ола) жанындагы мамлекетте (Кыргыз каганатында) буудай, таруу, сулуу жана кендир уругун өстүрүшөт» - деп жазат. Кызыктуусу, бүгүнкү Тувада кара таруу (Тув. хара хоо) негизги маданий өсүмдүк катары айдалары малым. «Тан-шу» (7-10-кк.) берген маалыматтарда кыр- гыздар негизинен жер иштетүүчүлүк менен кесиптенишкен. Алар буудай, арпа, таруу айдашат. Эгинди кол тегирмендерге тартышат. Буудайды үчүнчү айда сээп, тогузунчу айда жыйнап алышат. Боткодон шарап жасашат. Тѳрт түлүктөн тѳѳ, кара мал, көбүнчө жылкы, койду кармашат. Байларынын колунда кой-мал миңдеп саналат. Тамакка этти кѳп пайдаланышат, жылкынын сүтүн (кымыз) ичишет. Кыргыздардын Туванын аймагында узак убакыт болгондугун эпиграфикалык (таш жана аска беттериндеги руникалык жазуулар) табылгалар, тамгалар, сугат системалары жана башка күбө боло алат. Ошону менен бирге, аңчылык да жогорку деңгээлде өнүккөн. Энесайлык кыргыздардын чарбалык-маданий тиби боюнча илим чөйрөсүндө негизинен бирдей пикирлер орун алып келет. Л.А. Евтюхова кыргыздардын чарбасынын түрдүү багыттарын иликтѳѳ менен жер иштетүүгө, кол өнөрчүлүккө, аңчылыкка ык коюлуп, бирок негизинен кѳчмѳн чарбачылыкка негизденген жашоо уклады болгон деген тыянакка келет. Кыргыздар жогорку өнүккөн прикладдык искусствого ээ болушканы илимий адабияттарда кенен чагылдырылган. Кыргыз искусствосу Евразия талааларындагы көчмөндөрдүн салтын, Алдыңкы Азиядагы Сасанийлердин (Иран), Чыгыш Азиянын салттуу маданияттарынын элементтерин өзүнө сиңирди. Кыргыз усталары кийим-кечелерди, ат жабдыктарын ѳтѳ кооздоо үчүн жогорку чеберчиликти талап кылган жасалгаларды куюшкан. «Кыргыз вазалары» деп аталган атактуу кооз карапа буюмдары белгилүү. Кыргыз орнаменттери негизинен өсүмдүктөр сюжети жана зооморфтук мотивдер менен байланышкан. Кыргыздар калтырган маданий таасирди бүгүнкү тувалардан байкоого болот. 9-13-кк. Тувадагы социалдык-экономикалык жылыштар кийинки тува элинин калыптанышына ѳз таасирин тийгизди. Уруулук түзүлүш, ага байланышкан чарбалык уклад, согуштук-саясий кырдаал этностук консолидацияга шарт түзүп бере алган жок. Этностук жуурулушуу процесси жүргөндүгүнө карабастан «кыргыз» этноними жергиликтүү калктын этностук өзүн-өзү атоосу катары калыптана албады. Кыргыз-тува этностук жакындыктары элдик оозеки чыгармаларда да чагылдырылат. Эки элдин этностук байланыштарын уруу-урук аталыштарындагы параллелдуулуктѳр да чагылдырат. Мисалы: кыргыз - кыргыс, мунгуш - монгуш, аркалык (мунгуш) — аргалык, баарын — бараан, чот (басыз) — чооду тубай (саруу) - туба, туума кашка (саруу) - тума, туума тукум (найман) - тума, карасакал (баргы, дөөлөс, саяк) - карасал, олет (саруу) - олет, сарттар (адигине) - сат, тагай (геноним) - тагай кесек - кезек, сарык (нойгут) - сарыг, төлөн (солто) - толан, жети уруу (кытай, саруу) - чети тончак, дөөлөс - түлүш, адыг түлүш - адигине, балыкчы (саруу) - балыкчы, кузгун тобу (сарттар) - хускун, кабели (кыпчак) - ховалыг, дөрбөн улуу (тынымсейит), кара багыш - хара, куу уул (геноним) - хуулар, төрдөш (кытай) - төдөш, уйгур (мунгуш) - уйгур, мангыт (мунгуш) - мунгат, шыгай (геноним) - шагай, баят (тейит) - баяут, кереит (дөөлөс) - хиреид, каратал (геноним) - хара тал жана башка Бул параллелдердин (мунгуш этнониминен башкасы) дээрлигинин аналогдорун хакас жана алтайлыктардын курамынан кездештирүүгө болот. Фактылар кыргыздардын аталган элдердин этностук тарыхындагы ролун чагылдырат. Этностук байланыштарды уруулук эн тамгалардагы жалпылыктар да аныктаары ырас. Тувалар эн тамгаларды көп учурда төрт түлүккө салышкан. 19-к. тамгалар уруулук менчиктен сумонго же аймактык белгилерди аныктоочу функцияга өткөн. Кыргыз-тончак сумонунда 3 тамга белгилүү болгон. Тамгалар уруулук менчикти аныктабай калгандыктан, баштапкы маани-мазмунунан ажырап калышкан. Тувалардын сөөк коюу салтында кызыктуу маалыматтарды параллель коюуга болот. Лама жана шаман диндери өтө тынч, каршылашпаган, ары синхрондуу жашап, өнүккөн Тувада белгилүү ламаларды жана шамандарды көмүү салты өзгөчө орунда турган. Жогорку чиндеги ламалардын сөөгүн өрттөп көмүшкөн. Н.Ф.Катановдун жазганына караганда, эгерде атактуу лама көз жумса, абройлуу деген дин кызматкерлери жыйналышып, сөөктү кебезге орошкон да, кендир майын куюп, өрттөп жиберишкен. Улуу ламанын өрттөн калган күлүн суу, топурак менен аралаштырып, андан соң ошол ылайдан бутпарастык идолду (Бур- хан) жасашкан. Бул сөөк көмүү салтынын байыркы кыргыздар менен байланышы болуусу толук мүмкүн деген тыянакка келүүгө негиз бар. Тувалардын сөөк коюу салтында байыркы түрк дооруна таандык элементтер сакталып келет. Изилдөөчүлөр арбакты бир жыл бою эскерүүдөгү жалпылыктарга токтолушат. Көз жумган кишиге ритуалдык өкүрүү (жоктоп ыйлоо), аялдардын кошок кошуу салтында жалпылыктар аныкталган. Мисалы, жакындарынын жоктоп өкүрүүсү, аялдардын чачын жазып алып, кайгырып кошок айтуусу байыркы түрк (кыргыз) доорунан белгилүү болуп келет. Маркумду жети күндөн, бир жылдан соң эскерип «аш» берүү алтайлыктарда (теленгиттер), хакастарда (сагайлар) салт болуп келгени маалым. Туванын жана кыргыздардын эзелтеден колдонулуп келген элдик практикадагы аралыкты, салмакты, убакытты, суюктук көлөмүн өлчөө бирдиктериндеги жалпылыктар да кызыгууну жаратары шексиз. Тува, алтай жана кыргыздардын бири- биринен узак жайгашкандыгына карабастан байыркы доордо пайда болгон жана чарбалык керектөөлөрдө колдонулган өлчөө бир- диктери тарыхый ата-бабалардын жалпы болгондугун тастыктайт. Тува тилинде бир күн, бир түн - хонук. Бир күн - хүн, бир түн - дүн, эртең менен - эртен, түш - дүш, кеч - кеже жана башка аталган. Убакыт мезгилге карай «бир чай кайнам убакытка» - тув. «шай хайындырым» бөлүнгөн. Мисалы, дарыяны сал менен сүзүп өтүп, кайра келүү «бир, эки же үч чай кайнам убакытты» (бир чай кай? нам убакыт - 30 мүнөт) туюнткан. Элдик илим-билимдин бир тармагы болгон өлчөө бирдиктери муундан муунга, атадан балага өтүп, адам баласынын жаратылыш менен болгон мамилесин чагылдырган. Өлчөө бирдиктеринин негизин адамдык дене мүчөлөрү аркылуу да аныкталган. Тув. кулаш - кырг. кулач, карыш - карыш, кары толу, тугай - бир, эки, үч, төрт, беш эли жана башкалар. Туваларда 25- 30 чакырым - «бир хүндүк», 50-60 чакырым - «эки хүндүк» же «бир ара хонуп чедер чер» (кырг. «бир конуп жетчү жер»), жарым күндүк жол - тув. «дүштүк чер», бир чакырым жер - тув. «бир кышкы чер» (700-900 м.), ок жетчү аралык - тув. «боо азымы» (80-100 м.) жана башкалар. Анчалык чоң эмес узундук өлчөмдөрү: базым - бир кадам, кулаш - кулач, төш чарты - жарым кулач, узун дугай - бир чыканак, карыш - карыш, сөөм - сөөм//сөөмөй, бир мугур сөөм - бир сөөм жана башкалар. Эрзиндик туваларда (кыргыз уруусу) боз үйдүн канаттарын даярдоодо төмөнкү өлчөө бирдиктери колдонулган: Бармак менен сөөмөйдүн ийилген ортолугу - 10 см, бармак менен сөөмөйдүн ортолугу - 18 см, ал эми, бир карыш 20 см. түзгөн. Аянттардын өлчөмү шарттуу түрдө аныкталган: тув. адыш оюу - алакандай жер, от орну - очоктой орун, өг орну - үйдөй орун, аал каданы - айыл батчу жер жана башкалар. Суюк заттар (айран, сүт, кымыз, суу жана башкалар) боюнча туваларда стандарттуу өлчөө бирдиктери болгон эмес. Суюк заттар түрдүү көлөмдөгү идиш-аяктар менен өлчөнүлгөн.

Ошондуктан идиш-аяктар өзүнүн көлөмүнө карата бөлүнгөн. Мисалы пиче аяк ишти, аяк ишти, улуг аяк ишти, тавак ишти, чылапча баш жана башкалар. Пиче көгержик - көлөмү 3 литр идиш, көгөр (кырг. көөкөр) - көлөмү 20-25 литрлик идиш. Ал эми эгин (буудай, таруу жана башка) салмагы менен эмес, көлөмү (чейрек, кодак) менен өлчөнүлгөн. Дарыядагы жана башка жерлердеги суунун тереңдиги токулган аттын, адамдын боюнун деңгээлине карата аныкталган. Мисалы, туюк каразы частыр - кырг. туякка жетчү суу, эзенги чедип турар - кырг. үзөңгүгө жеткен суу жана башка ушундай сыяктуу 20 ашуун термин жолугат. Адамдын суудагы боюна карата 20 термин айтылат. Бул параллелдүү жалпылыктар кыргыздардын жана тувалардын ортосуң. дагы этногенетикалык терең алакаларды чагылдырат. Үстүбүздөгү жылы уюштурулган илимий экспедиция учурунда Тува аймагынан табылган эн тамга белгилери, элдик оозеки чыгармалардын үлгүлөрү, музейлерге коюлган кыргыздарга таандык жазуу эстеликтери бул аймактын кыргыздардын этностук тарыхын изилдөөдө мааниси зор экендиги дагы бир ирет тактады.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]