Кыргыздардын XVI—XVIII кылымдардагы маданияты

Википедия дан

Кыргыздардын XVI—XVIII кылымдардагы маданияты - кыргыз элинин жалпы маданий тарыхынын орун баскычтарынын бири.

Башат маданий[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыздар XV кылымдын аяк ченинен тартып Кыргызстандын түпкү калкына айланган. Ошондуктан мындан ары көбүнөсө кыргыздардын маданияты тууралуу сөз болот. Анын үстүнө дал ушул учурда Ала-Тоодо элет элинин калыптануу процесси жалпы жонунан аяктап калган. Мындай олуттуу окуя бир элдин бирдиктүү маданиятынын калыптанышына, өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө түзүп, жаңы көрүнүштөргө жол ачканы анык. Бул мезгилде кыргыз элинин маданияты байыркы жана орто кылымдардагы Борбордук Азияда түптөлгөн бай маданий казына миң түркүн мурастарды өзүнө сиңирип алды. Кыргыздар жашаган Теңир-Тоо системасы жана ага чектеш өрөөнүндө Батыш, Чыгыш жана Түштүк Азиянын калктарынын маданий, соода, рухий (диний) алакаларынын көпүрөсү катары кызмат кылган. Орто кылымдарда Кыргызстанда жана канатташ аймактарда (буддизм), теңирчилик жана башка шамандык ынаным, несториандык (христиандык), ислам, ламаизм (бутпарас дининин бир агымы) сыяктуу диндерге ишенген, өз жазуусун жана дүйнөгө көз карашын жайылтууга аракеттенген ар кыл маданий аймактардын өкүлдөрү жашап, өз изин калтырышкан. Арийне, андай мурастарды сиңдирүү оңой-олтоң ишке ашкан эмес. Ар кыл тарыхый доорлор, ички жана тышкы согуштар, саясий, диний өзгөрүүлөр, жазуу маданиятындагы жаңыруулар, аргасыз журт которуулар жана башка кыйын кезеңдер маданий өнүгүүгө кедерги болуп турган.

Элдик оозеки чыгармачылык[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз элинин маданиятынын басымдуу бөлүгүн элдик оозеки чыгармачылык түзөрүн орто кылымдардан бери эле европалык чыгышпоздор баса белгилеп келишкен. Оозеки чыгармачылыктын ичинен кыргыз эли эң, бийик сереге өнүктүрө алган жанр дастанчылык болуп саналат. XVI кылымда «Мажму таварих» («Тарыхтар экыйындысы» ) аттуу Сайфеддин Ахсыкендинин чыгармасында Манас баатыр менен байланыштуу уламыш чагылдырылган. Демек, ошол кылымдагы эле «Манас» дастаны Фергана кыргыздарынын арасында кенири таркаган Дастан эл биримдигин чыңдоого, ынтымакты күчөтүүгө жана Ата Журтту сүйүүгө үндөйт. «Манас» трилогиясынын («Манас», «Семетей», «Сейтек») өзөгү кыргыз элинин көз каранды эместик үчүн кылымдар бою жүргүзгөн баатырдык күрөштөрү, эгемендүү мамлекетин түзүү, анын коопсуздугу элдин бейпил турмушун, кыйыр бүтүндүгүн жоодон коргоо идеясы түзөп, анын толук варианты 500 миң ыр сабынан турат. Өзүнүн көлөмү, мазмунун байлыгы, чагылдырылган окуялардын арбындыгы жагынан ал «Илиада» жана «Одиссея», «Махабхарата», «Шахнамэ», «Калевала» сыяктуу дүйнөгө таанымал эпостордон бир нече эсе чоңдук кылат. Ошондуктан океан сымал «Манас» дастанын кыргыздардын руханий маданиятынын туу Чокусу, дүйнөлүк маданияттын керемет кенчи деп коюшат. Бизге эпостин бОтан ашуун варианты жетти. Эң алгачкы манасчылар Манастын кырк чоросунун бири, жарчысы Ырамандын Ырчы уулу, ага ини Толубай сынчы, Токтогул ырчы (XIV кылым) болгон.

Кийинки доордогу атактуу манасчылардын катарына Келдибек Балык, Тыныбек, Чоюке, Сагымбай, Саякбай жана башкалар кирет. Дастанда кыргыз элинин эзелки мезгилден тартып жаңы доорго чейинки тарыхындагы орчундуу окуялар элдик оозеки чыгарма түрүндө элестүү баяндалат Узак убакытта калыптанган (айрым окумуштуулардын (М. Ауэзов, А. Бернштам) ою боюнча дастандын башаты VII кылымга таандык бул эпос акырындап кыргыздын башка майда дастандарын да өзүнө сиңирип, макал-лакап, накыл сөз, географиялык, космографиялык, этнографиялык жана башка илимдердин мухитине айлана берген.

Борбордук Азиянын географиясы тууралуу кыргыздардын маалыматы да кеңири эле. «Манас» жана башка дастандарда Каңгай, Оркун (Орхон), Ыртыш, Алтай, Лоп (Лобнор), Кекенор, Хотан, Тибет, Карашаар, Камбыл (Кабул), Ооган (Афганстан), Памир, Бадакшан, Кожент, Самарканд, Бухара сыяктуу ар кыл челкемдер, тарыхый-географиялык түшүнүктөр көп кездешет.

Табигат кубулушун жайчылар, эсепчилер алдын ала эсептеп айтып турушкан. Албетте, алардын сөзү чын чыкканда «карды жаадырып койду», «нөшөрдү токтотуп салды» деп апыртып, аларга касиеттүү сырды, күчтү ыйгарышчу. Иш жүзүндө андайлар эмпирикалык билимдерге таянышкан.

Элдик табып, дарыгерлер дары чөптөрдүн (адырашман, мамыры, ак кодол жана башка) сырын мыкты билип, кесел адамдарды ак дары (жыландын кургатылган эти), кайберендин жана башка жапайы жаныбарлардын ар кайсы дене мүчөсү аркылуу дарылашкан. Түрдүү минералдык заттарды (мумиё) да пайдалана билишкен. Оорулууну кээде жаңы союлган кара кочкордун же тайдын терисине орошчу. Жараатка күйгүзулгөн кийизди жабышчу. Жортуулда, эр сайышта жарадар болгондорго хирургиялык жардам көрсөтүшчү. Сыныкчылар кол чыкса аны ордуна салган, тарамыш тартылганда, сөөк сынганда шакшак коюшкан. Денедеги окту тинтүү аспабы менен сууруган. Кан алуу, сулук салуу, тамыр кармоо сыяктуу табыпчылык да бар эле. Албетте, дем салуу, дуба окуу аркылуу кеселден арылтууга (мисалы, тиш ооруну) далалаттанган дарыгерлер, «жин-шайтанды» кубалоого алпурушкан бубу-бакшылар да болгон.

Кыргыздар аралыкты эли, сөөм, карыш, кадам, кулач, саржан, чакырым, ат чабым жана ушундай сыяктуулар менен өлчөшкөн. Жоондукту, майда, суюк жана катуу затты ченөө системасы пайдаланылган.

Диний ишенимдери. XVII—XVIII кылымдарда кыргыздар негизинен ислам динин тутуп калышкан. Ал эми Жуңгариядагы калмак- кыргыз аталган топтун дини ламаизм (бутпарастык агым) болгон. Теңир- Тоодогу кыргыздарда исламга чейинки диний ынанымдардын калдыктары да сакталган. Алар мусулманчылыкка доо кетирбей сиңген. Алсак, исламдык кудай Алла-тааланын синоними катары «Теңирге» да сыйынышчу.

Кыргыз мифтеринде (аңыздарында) Теңир — бир эле учурда ааламдын жаратуучусу жана көктүн (асмандын) кудайы болгон. Андан тышкары Жерге жана Сууга сыйынышкан. Жер Эне жөнүндөгү түшүнүктөн башка энелерди, бала-бакыраны коргогон Умай Энеге ишеним да болгон.

Кыргыздар ар кыл конуштардын, көчүүлөрдүн, ал түгүл айбанаттардын «ээси», олуя чалыш кишинин колдоочусу (жолборс, бөрү, ажыдаар кейпинде) болооруна ишенишчү. Айрым кыргыз урууларынын бугу, бөрү, багыш, илбирс (барс) жана башка айбанат менен байланыштуу тотеми болгон. Жылкынын ээси — Камбар Ата, төөнүкү — Ойсул Ата, уйдуку — Зеңги баба, койдуку — Чолпон Ата, эчкиники — Чычаң Ата, канаттуунуку — Буудайык, «ит төрөсү» — Кумайык деп эсептешкен. Эне-Сай Кыргыз кагандыгы доорундагыдай эле отко табынуу салты сакталган Арча менен аластоо, жортуулдан же алыскы сапардан кайткан кишинин башынан оттун чогун үч жолу тегеретүү жана башка ырым-жырымдар мусулмандык жөрөлгөлөрдү толуктап турган.

«Аркы дүйнө» тууралуу (эсхатологиялык) түшүнүк, кыяматтын кыл көпүрөсү, жан, арбак, кайып болуп кетүү (эч кимге көрүнбөс турмушка өлбөс болуп өтүү) сыяктуу түшүнүктөр да кеңири таралган.

Кыргыздардын теги, уруулук курамы, тектеш элдер менен карым-катнашы жана кыскача оозеки тарыхы санжырада баяндалган (арабча «Шажара» — «дарак» сөзүнөн). Санжырачылар кыргыз урууларынын тегин дарак сымал бутактатып чечмелешчу. «Жети атасын билүү — парз» деген түшүнүк болочок санжырачынын көңүлүн уялаган.

Элдик оюн-зооктор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эркти, күчтү, эптүүлүктү, шамдагайлыкты жана чыдамкайлыкты талап кылган күч сынашуу, теңтайлашуу (спорт) оюндары уландарды жоокердик эр жүрөктүүлүккө, ыкчамдыкка үйрөтүүгө өбөлгө түзгөн. Андай оюндар жамбы атмай, эр сайыш (эреел), эр эңиш, балбан күрөш, мал, таш көтөрүп күч сынашуу, көк бөрү (улак) тартуу, кыз куумай сыяктуу оюндар болгон. «Ат — адамдын канаты» делет кыргыз накыл сөзүнде. Ат чабыш, жорго салуу, кунан чабыш, оодарыш, көк бөрү сыяктуу ат оюндары калайыктын көңүлүн өстүрүп, көп иштерге шыктандырган.

Белек Солтоноев XVII—XVIII кылымдарда даңкы таш жарган баатырлардын шумдуктуудай аргымактарын (Шарп Кула — саяк Түгөлбай казак ханы Эшимге тартуулаган буудан, Кер Кулун — Атаке баатырдын жоого минген аргымагы): жана башка гипонимдерди (жылкы аты) санап келип, бугу уруусунан чыккан Найман, Жаныбек деген сынчылар күлүктөрдү 18 түргө бөлгөнүн айтат.

Кыскача адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сэздүк. - Фрунзе, 1990.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • www.bizdin.kg