Кыргыззавр

Википедия дан

Кыргыззавр (грекче-латынча Kyrgyzsaurus) – өлүп жок болгон эң байыркы кескелдириктин (сойлоп жүрүүчүнүн) бир түрүнүн илимий аталышы.

Геологиялык мезозой доорунун триас мезгилинде Жер планетасында "Пангеа" деп шарттуу аталган бирдиктүү континент болгон. Дал ошол доорго таандык болгон жана Түштүк Кыргызстанда табылган эң байыркы кескелдириктин (кичи динозаврдын) бир түрүнүн сөөгүнүн айрым калдыктарынын негизинде пост-советтик окумуштуулар "Кыргыззавр" деп аталган буга чейин белгисиз сойлоп жүрүүчү жандык түрүнүн голошекилин калыбына келтиришти.

Ачылыш тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Илимде “Кыргыззавр” аталып калган эң көөнө кескелдирик - болжол менен мындан 230-225 миллион жыл мурда жашаган сойлоп жүрүүчү жаныбар. Анын узундугу 50 сантиметрге чейин жеткен.

Бул кескелдириктин сөөгүнүн (скелетинин) алдыңкы бөлүгүнөн баш сөөгү, моюн жана көкүрөк омурткалары, кабыргалары, далы сөөгү, терисинин изи гана сакталып калган. Аны Түштүк Кыргызстандын Мадыген кыштагына жакын жерде табышкан. Жер кыртышы мезозой доорунун триас мезгилине таандык кеч Карниан (Carnian) же эрте Ладиниан (Ladinian) баскычына тийешелүү. Бул болжол менен мындан 230-225 миллион жыл мурдагы мезгилди камтыйт.

Мындай “дрепанозавр” (Drepanosaurid genus) деген кескелдириктин түрү Азия боюнча алгачкы жолу Кыргызстанда табылды.

Түштүк Кыргызстандагы Мадыген деген кыштактын жанынан бул узундугу жарым метрге жетчү кескелдириктин калдыгын Буханченко деген илимпоз тапкан.

Этимология[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргыззавр” (Kyrgyzsaurus bukhanchenkoi) аталышын 2011-жылы палеонтолог окумуштуулар В.Р.Алферов менен Е.Н.Курочкин сунуш кылышты.

Мында “Кыргыз” сөзү эң байыркы кескелдирик калдыгы табылган Кыргызстанды билдирсе, “завр” сөзү грекче “заурос”(sauros) – “кескелдирик” деген сөздү туюнтат.

Ал эми жалпы түрү “Кыргыззавр” (Kyrgyzsaurus) аталган кескелдириктин бул алгачкы табылган тийешелүү өрнөгүнүн аталышы аны тапкан окумуштуу Буханченклнун (Bukhanchenko) ысымынан “буханченкои” деп аталып калды.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • (en) V. R. Alifanov and E. N. Kurochkin, 2011. Kyrgyzsaurus bukhanchenkoi gen. et sp. nov., a new reptile from the triassic of southwestern Kyrgyzstan. // Paleontological Journal, Volume 45, issue 6, pp. 639-647. (doi 10.1134/S0031030111060025). (http://www.springerlink.com/content/000822053j233n80(жеткиликсиз шилтеме))

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]