Кыргызстандагы булуттуулук

Википедия дан

Кыргызстандагы булуттулук — Булуттар күн нурунун жер бетине түшүшүнө жана жер бетинин кайра эффективдүү нур чыгаруусуна тоскоол кылышат. Кыргызстандын аймагында булуттуулуктун жылдык орточо мааниси 5—6 балл. Булуттуулуктун эң чоң мааниси (8—10 балл) кыштын аягында жана эрте жазда, эң кичине жай жана күздүн башталышында (2—3 балл) байкалат. Мындай режим мелүүн кеңдиктин фронтунун эрте жаздан баштап түндүктү карай жылышына байланыштуу болот. Тоолордо булуттун пайда болушу жалпы фронттун активдешүүсүнөн тышкары абанын конвективдик көтөрүлүүлөрүнөн да болот. Жалпысынан Кыргызстандын аймагында байкалган ачык күндөр жылдын ичинде 50% тен жогору.

Тоолуу аймактардагы байкалган аба ырайының мүнөздүү өзгөчөлүгү төмөндөгүдөй: эртең менен көпчүлүк учурда күн ачык болуп түшкө жакын асманда акырындан булуттар көбөё баштайт. Түштөн кийин асманды толугу менен булут каптап, анан жамгыр жаайт. Кечинде булуттар тарап, күн ачыла баштайт. Түнкүсүн күн ачык.