Кыргызстанда медицина илимдери

Википедия дан

Кыргызстанда медицина илимдери Октябрь революциясынан кийин өөрчүдү. Медициналык атайын илимий мекемелердин, айрыкча Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун ачылышы (1939) жана илимий кадрлардын калыптанышы менен республикада илимий иштер пландуу жүргүзүлө башталды. Ал баарыдан мурда жугуштуу жана мите оорулардын (безгек, бруцеллёз кайталама ич келте жана башкалар) таралышын алдын алууга багытталган. Бул ооруларды изилдөө, уюштуруу чараларын иштеп чыгууга өбөлгө түзүп, ооруларды кескин түрдө азайтууга, андан кийин жок кылууга алып келди. Бул мезгилде медицина илимине А. Ф. Яковлев, Д. М. Масленников, Н. С. Брудастов, К. С. Нигматуллин жана башкалар зор салым киргизишти.

Согуштан кийинки жылдарда республиканын окумуштуулары ичеги ооруларынын таралышында климаттык факторлордун жана иммунологиялык реактивдүүлүктүн ролун үйрөнүүгө көңүл бурушкан.

Климаттык-географиялык шарттардын бөтөнчөлүгү, ысык булактардын, дары баткактардын көптүгү илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларына негизделген санаторий-курорттук дарылоонун өнүгүшүн шарттады. Кыргызстанда климаттык жана бальнеологиялык дарылоонун принциптерин изилдеп, андан ары өнүктүрүүдө. Курортология жана физиотерапия илим изилдөө институтунун ачылышы маанилүү роль ойногон (биринчи директору Б. В. Бабаханов). 80-жылдарда орто бийиктеги тоо райондорунда кардиологиялык профилдеги адистештирилген санаторийлерди түзүү белгиленген. Бронх астмасы менен ооругандарды тоо климаты менен дарылоо принциби иштелип чыгып, сунуш кылынган (М. М. Миррахимов).

50-жылдарда жүрөк-кан тамыр системасынын физиология жана патологиясы боюнча изилдөөлөр башталган. Окумуштуулардын күч-аракети бийик тоолуу райондордо жашагандардын жүрөк-кан тамыр системасынын иштөө өзгөчөлүгүн аныктоого, дарылоо жана алдын алуу методдорун табууга багытталган. Деңиз деңгээлинен 2000— 2500 мден ашык бийиктикте узакка жашагандарда өлкөнүн артерия басымынын жогорулашы, жүрөктүн оң жагынын гипертрофиясы, айланган кандын массасынын көбөйүшү аныкталган (М. М. Миррахимов, А. Жайлообаев, Б. Я. Гринштейн, Р. И. Руденко, Н. Нарбеков, Т. Мураталиев, Р. Хамзамулин жана башкалар). Жүрөктүн сол жана оң карынчаларынын түз жердегиге караганда башкача режимде иштей тургандыгы түшүндүрүлгөн (3. М. Кудайбердиев, Т. Мураталиев); тоодо жашагандардын калкан сымал бездеринин функциясы көп учурда төмөн боло тургандыгы (И. Т. Калюжный), жүрөктүн ишемия оорусу жана гипертония оорусу тоодо жашагандарда аз жолугары (Т. С. Мейманалиев) аныкталган. Эксперименттик жана клиникалык байкоолордон гипертония оорусунун башталыш стадиясында орто бийиктиктеги климат менен дарылоо натыйжалуу болору белгилүү болду. Окумуштуулардын изилдөөлөрү миокарддын катуу кармаган инфаркты менен ооругандарды этап менен дарылоонун илимий негизделген системасын түзүүгө өбөлгө болуп, бул оорудан өлүмгө учуроону 3 эседей төмөндөттү. Адамдын организмине тоонун климаттык шарттары оң таасир берүү менен бирге жүрөк-кан тамыр системасына тескери таасир тийгизери аныкталган. 1971-ж. адамдын бир катар адаптация оорулары сыпатталып жазылып, системага салынган жана аларды дарылоо, алдын алуу жолдору сунуш кылынган (М. М. Миррахимов). 1977-ж. Кыргызстан кардиология илим изилдөө институту ачылып, анын илимий иши негизинен жүрөк кан тамыр ооруларын дарылоо жана алдын алууга багытталган. Кыргызстандын климаттык-географиялык өзгөчөлүгүн эске алуу менен бул багытка адамдын бийик тоолуу шартка көнүгүүсүнүн физиологиялык механизмдерин изилдөө, калкты жүрөк оорудан айыктыруу жана алдын алуунун натыйжалуу ыкмаларын иштеп чыгуу, жапыз тоолуу климатты дарылоо-алдын алуу максатта пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө, республиканын илимий изилдөөлөрүн жана кардиологиялык иш жүргүзүүнү башкаруунун автоматташтырылган системасын түзүү иштерин жүргүзгөн.

Республикада ревматизмдин клиникасынын жана таралышынын өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүү ревматологиянын калыптанышына өбөлгө болду (М. П. Редлих, И. М. Фунт, Н. Я. Юсупова). Гастроэнтерологиялык профилдеги бир катар бөлүмдөр иштейт. Аларды түзүүдө М. Е. Вольский, Б. И. Ахунбаева, А. У. Айткулова, И. М. Фунт, И. Т. Калюжныйдын изилдөөлөрү маанилүү ролду ойноду. Гематологиянын өнүгүшүнө тоо-климаттык шарттар кызыл кандын пайда болушун күчөтөрүн далилдеген изилдөөлөр өбөлгө түздү. Тоолуктардын канында кызыл кандын пайда болушун күчөтүүчү атайын заттар — эритропоэтиндер көп болору белгилүү болду. Ошондуктан аз кандуулукту дарылоо максатында тоодо жашагандардын канын куюу сунуш кылынган. Тоо гипоксиясынын кызыл канды көбөйтүүчү таасирин, бийик тоо адаптациясын, аз кандуулуктун айрым оор формаларын дарылоо үчүн пайдаланууга сунуш кылынган (А. Ю. Тилис, А. Райымжанов, А. Алмерекова).

Эндокринологиянын проблемаларын И. К. Ахунбаев, Ү. Байзаков, И. Т. Калюжный, В. Г. Бажанов жана башкалар изилдешкен. Республикада эндемиялык богоктун таралышы йоддук профилактиканы пландуу киргизүүнүн натыйжасында олуттуу түрдө төмөндөдү. Б. Ф. Малышев калкан сымал бездин жашка жараша өзгөрүүсүнө мүнөздөмө берип, анын чоңоюшу организмдин жашоо шарттарына, асыресе, йоддун жетишсиздигине ыңгайлануунун натыйжасы экендигин аныктаган. Пульмонология проблемалары болгон өпкөнүн эхинококкозун (Н. И. Ахунбаева), өнөкөт сезгенишин (Д. Н. Истамбекова, Ж. С. Дубинина, А. Д. Рафибеков) изилдөө жолго коюлган. Тоолуктарда өпкөнүн өнөкөт оорусунун өзгөчөлүктөрү болору, башкача айтканда кандын газ алмашуу жана коагуляциялык касиеттери өзгөрүлөрү аныкталган. Бийиктикке көтөрүлгөн жана дайыма тоодо жашаган адамдарда дем алууну жөнгө салуу өзгөрүлө тургандыгы байкалган.

Педиатриянын өнүгүшү ири клиницист жана окумуштуу проф. Б. Ф. Шагандын ысмы менен байланыштуу. Ымыркайлардын оорулары, бронх-өпкө оорулары (Н. М. Красногор, Д. А. Нарбекова жана башкалар), ревматизм (Р. Ю. Ташматова), геморрагиялык васкулит (А. А. Ильин) боюнча изилдөөлөр кеңири жүргүзүлүүдө. Балдардын организминин өсүшү (П. П. Афанасенко, К. Кожоназаров, Б. Асанбаев, М. Жунусов), кан системасынын патологиясы жана аны дарылоо (Н. Ф. Алексеенко, Д. К. Кудаяров), аллергиялык оорулар (Т. И. Покровская, Г. А. Комаров, В. П. Станкова) изилденген. Педиатрия боюнча илимий изилдөөлөрдү өөрчүтүү жана тереңдетүүдө Энени жана баланы коргоо илим изилдөө институтунун (азыр Акушердик жана педиатрия илим изилдөө институту) ачылышы (1961) чоң көмөк болду. Төрөткө жардам берүү проблемалары иштелип чыкты (С. Л. Кейлин, Л Е. Гуртовой, М. Н. Лехтман, Н. И. Булатова жана башкалар). Кош бойлуулуктун акырында жана төрөт учурунда эненин кан жоготуусу түйүлдүктүн, ымыркай баланын абалына, толгоо жана төрөт аномалиясынын пайда болушуна тийгизген таасирин, кош бойлууларда токсикоздун өнүгүшүнө аутоиммундук процесстердин ролун аныктоо эне менен баланын өлүмүн азайтуучу дарылоо-алдын алуунун айрым иш-чараларын иштеп чыгууга мүмкүңдүк берилген.

Хирургия боюнча Кыргызстанда иштелип жаткан илимий багыттардын арасынан богок бездерин (И. К, Ахунбаев жана башкалар), өт жолдорунун таш оорусун (М. Е. Фридман, М. Мамакеев, 3. Игембердиев), карын жана он эки эли ичегинин жарасын (К. Р. Рыскулова, Л. М. Зубехина), заара жолдорунун таш оорусун (М. Тыналиев), өпкөнү (Н. И. Ахунбаева) хирургиялык жол менен дарылоо кеңири белгилүү. Жүрөк-кан тамыр хирургиясын өнүктүрүүдө И. К. Ахунбаевдин жана анын шакирттеринин (С. Жошубаев, А. Н. Маралов, Ү. Байзаков, М. Намазбеков жана башкалар) сиңирген эмгектери зор. Балдардын сөөк кулгунасы жакшы изилденип, аны дарылоонун комплекстүү методу иштелген (В. С. Кононов). Рак оорусунун ар түрдүү формаларынын таралышы, лейкоздор, алардын пайда болушунда канцерогендик заттардын ролу изилденген.


Карындын рак оорусун изилдөө (А. Н. Круглов жана башкалар) жана аны дарылоонун хирургиялык методдору өркүндөтүлдү (АНЫН ИЧИНДЕ Саенко). Айрыкча Кыргызстан онкология жана радиология илим изилдөө институту ачылгандан (1959) кийин онкологиянын көп кырдуу проблемалары иштеле баштаган.

Психиатрлардын изилдөөлөрүндө психика ооруларынын айрым формаларын дарылоодо тоо климатынын жагымдуу таасири аныкталган (Н. В. Канторович, Б. Н. Дегтярёв, В. В. Соложенкин жана башкалар). Баңгиликтин организмге тийгизген терс таасири, аны алдын алуу жана дарылоо изилденди (АНЫН ИЧИНДЕ Дурандина). Неврология багытында мээ шишигинде жүлүн суюктугунун өзгөрүшү жана аны дарылоо, алдын алуу жана башкалар изилдөөлөр жүргүзүлгөн (А. Мурзалиев), ошондой эле токсоплазмоз жана анын нерв системасына тийгизген залалы аныкталган (А. Ф. Усманова).

Оториноларингологдор дүлөйлүктүн пайда болушунун себептерин жана дарылоону терең изилдешкен, башкача айтканда угуу нервдеринин невриттеринде витамин алмашуунун бузулушунун мааниси изилденип, начар уккандарды никотин кислотасын венага куюу менен дарылоо сунуш кылынган (А. Л. Брудный). Кулак, мурун ооруларын, дарылоо жана илимий жактан өркүндөтүү иштерин Н. А. Фейгин, В. А. Насыров жүргүзүшкөн.

Окулисттердин изилдөөлөрү трахоманы пландуу дарылоону уюштурууга мүмкүндүк берди, натыйжада ал оору бир топ азайды (Ошондой А. Дудинов). Көзгө кылдат операция жасоо боюнча профессор анын ичинде Медведев жана М. К. Дыйканбаева, Усенконун эмгектери кыйла. Жугуштуу оорулардын таралышы, аларды алдын алуу, дарылоо чаралары иштелип чыкты (П. А. Алексеев, Ф. Р. Карась, Т. А. Тыналиева жана башкалар). Туберкулёздо ауто иммунологиялык өзгөрүүлөр аныкталды (В. Л. Морозов, Е. А. Финкель жана башкалар). Туберкулёздун таралышына мүмкүндүк берүүчү факторлор изилденип (Л. А. Франк, П. М. Фукс, А. А. Асамбаев) дарылоонун комплекстүү методдорунун иштелип чыгышы, алдын алуу жана уюштуруу чаралары туберкулёз оорусун жана андан өлүмгө учуроону кескин түрдө азайтты. Буга Кыргызстан туберкулёз илим изилдөө институтунун ачылышы (1957) олуттуу көмөк көрсөттү. Балдардын туберкулёз менингити жана анын кабылдоосу изилденди СГ. И. Покровская). Силикозду жана силикотуберкулёзду эксперименттик үйрөнүүдө андагы аллергиянын жана аутоиммундук процесстердин мааниси аныкталды (М. И. Китаев). Физиологиялык изилдөөлөр климаттык-географиялык чөйрө эсепке алынып жүргүзүлгөн. Кыргызстандын окумуштуулары электропатологияда, күйүк травмасында, канды көп жоготууда өнүгүүчү «коркунучтуу кырдаал» проблемасына көп баалуу салымдарды кошушту. Шашылыш диагностика методдору такталып, сунуш кылынган, аларды дарылоо үчүн айрым жаңы ыкмалар иштелип чыкты (Г. Л. Френкель, М. Алиев, К. Ажыбаев, Э. Саалиев). Бийик тоо шартында кан системасындагы өзгөрүүлөр жана анын патофизиологиясы жана дарылоонун айрым жолдору иштелген (А. Ю. Тилис).

Организмдин бийик тоо шартына көнүгүү (адаптация) механизмдерин аныктаган, кан айлануу, өпкөнүн кан жана лимфа системаларынын, ошондой эле вегетатив нерв системаларынын бийик тоо шартына көнүгүү жана бул шартта иондук радиациянын таасирин изилдөө жүргүзүлүүдө (С. Б. Данияров, 3. А. Лупинская, А. X. Карасаева жана башкалар). Бийик тоо шартында айрым оорулардын (кансыроо, жүрөк кемтиги жана башкалар) өпкө-жүрөккө, кан тамырларга тийгизген таасири, анын өзгөчөлүктөрү изилденген (А. Кадыралиев). Түрдүү бийиктикте жашоочулар тоодо аз убакыт болгондордун гемокоагуляция системасы жана башкалар изилденип, тоодо жана эксперименттик гипоксия шартында адаптациянын физиологиялык негизин түшүндүрүүгө мүмкүндүк түзгөн (В. А. Исабаева). Фармакология тармагы боюнча Кыргызстанда өсүүчү өсүмдүктөрдөн жасалган 20дан ашык дарылар изилденди (А. Алтымышев, М. И. Ольшанекий, Е. А. Стегайло, И. Ш. Забиров, Н. К. Нигматуллина, П. И. Лукиенко) Дары өсүмдүктөрдөн биологиялык активдүү заттардын кошундусунда адаптоген, ликорин жана башкалар дарылар сунуш кылынган (А. Алтымышев). Жүрөктүн иштөөсүн жакшыртуучу дарылардын бийик тоо шартында таасиринин өзгөчөлүгү изилденген (М. Т. Нанаева, А. 3. Зурдинов, Э. Ажыкулов жана башкалар). Адамдын морфологиясы боюнча практикалык олуттуу мааниси бар иштер жүргүзүлүп, анын бийик тоо шартында өзгөчөлүктөрү изилденген (И. Г. Мардерштейн, Б. В. Парин, анын ичинде Шеров, Н. Н. Лавров). Алар организмдин бир катар органдары менен системаларынын морфологиясын, алардын иннервациясын жана кан менен жабдылышын кошо аныкташты.

Оригиналдуу ыкмалар менен кан айлануу изилденген (А. Л. Лейтес, т. К. Зайсанова, А. Ашырбаев, А. Абдыкеримов, К. Кененбаев жана башкалар). Органдардын регенерациясы жана трансплантациясы атайын изилденген (А. А. Браун, М. И. Ефимов, М. Айманбетов, К. М. Акылбеков жана башкалар). Алар бийик тоо гипоксия шартында терилерди жамаштырганда биригип өсүүсү мүмкүн экендигин, регенерациянын өзгөчөлүктөрүн көрсөтүшкөн. Жогорку квалификациялуу кадрлардын өсүп чыгышы илимий изилдөөлөрдүн натыйжалуу болушуна жардам берди. Санитария жана гигиена боюнча туура шарт түзүү жана аны туура пайдалануу, өндүрүштө жумушчуларды ар кандай оорудан сактоо чаралары иштелип чыккан (М. Б. Шпирит, Б. С. Мамбеталиев, Н. Я. Юсупова).


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8