Кыргызстандын Россияга каратылышы

Википедия дан

Кыргызстандын Россияга каратылышы — Россия империясынын 19-кылымдагы колониялык саясатынын бир бөлүгү. 19-кылымдын орто ченинде Россия менен Англиянын ортосунда Орто Азия үчүн атаандаштык күчөгөн. Англиянын Ост-Индия компаниялары Түштүк, Түштүк-Чыгыш Азияга алып келген товарларынын наркын арзандатуу үчүн Кавказдан Мешхед, Мерв шаары аркылуу Орто Азияга өтүүнү көздөгөн. Натыйжада 18-кылымдын аягы — 19-кылымдын башында Орто Азия Европадан Кытай-Индияга өтө турган маанилүү стратегиялык жолдордун бирине айланган. Орус өкмөтү бул маанилүү соода жолун көзөмөлдөө үчүн Сибирь жана Сыр-Дарыя аскер линиясын курууга киришкен. Омск—Кулжа [Омск — Семипалатинск — Көкбекти — Чугунчак (Чөйчөк) — Кулжа] жолу 2711ден 2376 кмге узартылган. Түштүк Казакстан менен Түндүк Кыргызстан, кийин Кокон, Бухара, Хива хандыктарын өз курамына киргизүү Россиянын башкы геосаясаты болгон. Ушундан улам орус өкмөтү 1813-жылдан кыргыздар тууралуу кеңири маалымат чогултууга өткөн. 19-кылымдын 40-жылдары Копол, 1854-жылы Верный чеби (азыркы Алматы шаары) курулган. Ушул жылдары Кокон хандыгынын эзүүсүнөн тажаган бугу уруусунун бийи Боронбай бир нече жолу Россия империясынын курамына кирүү ниетинде кат жолдогон; 1855-жылы 7-январда бугу уруусунун атынан Качыбек Шераалы уулунун ант берүүсүнөн кийин Кыргызстандын Россияга каратылышы башталган. Орус бийлиги Кыргызстанды каратууну ар кыл айла-амал менен ишке ашырган. Мисалы, орус аскерлери улам казактарды кыргыздарга каршылаштырып, кыргыз манаптарынын ынтымагын ыдыратуу үчүн улуу жүз казактарына атайы жашыруун көрсөтмө да берген. Натыйжада Жантай башкарган тынай уруусу орус бийлигин кабыл алууга макулдук берсе, Үмөтаалы Ормон уулу буга каршы болгон. Бишкек чебинин беги Рахматуллага каршылашкан Байтик Канай уулу орус бийлигине жакындашса, Жаңгарач орус бийлигине каршы чыккан. Ошентсе да 1862-жылы Токмок, Пишпекти, 1863-жылы Куртка чебин караткан; Нарындагы чериктер орус бийлигин тааныган. 1864-жылы 5-июнда полковник М. Г. Черняевдин отряды (2500 аскер) Олуя-Атаны алып, отряддын бир бөлүгү Талас аркылуу өтүп, Чаткалды ээлеген. Жумгал, Суусамыр, Кетмен-Төбө, Нарынды жердеген саяк уруулары орус бийлигине 1865-жылы ант берген. Ушундан улам 1867-жылы Үмөтаалы да орус бийлигин тааныгандан кийин, түндүк Кыргызстан толук Россия империясынын карамагына өтүп, Жети-Суу областына баш ийген Токмок уезди түзүлгөн. Кокон хандыгынын чептеринин (Олуя-Ата, Түркстан, Чымкент, Ташкент) алынышы менен Сибирь жана Сыр-Дарыя аскер линиясы биригип, Түштүк Кыргызстанды каратууга ыңгайлуу шарт түзүлгөн. 1867-жылы Түркстан генерал-губернаторлугу уюшулуп, Кудаяр хан Россия менен тынчтык келишим түзүүгө аргасыз болуп, иш жүзүндө Кокон хандыгы да Россияга көз каранды болгон. Ушул кырдаалда Кокон бийлигине каршы кыргыздардын көтөрүлүшү башталып. Кокон шаары көтөрүлүшчүлөрдүн колуна өткөн. Кудаяр хандын ордунда такка отурган Насирдин хан орус бийлигинен жардам сурап кайрылган, натыйжада орус өкмөтү 1875—76-жылдары аскер киргизген. Туруктуу орус аскери тез эле Анжиян (1876, 10-январь), Кокон (1876, 18-февраль), Асаке, Үч-Коргон шаарын ээлеген, Россиянын курамына кирүүдөн баш тарткан кыргыздар Алайга чегинген. Наманган уездинин начальниги 1876-жылы жай айларында алайлык кыргыздарды багындыруу үчүн уюштурган куралдуу экспедициянын («Алай экспедициясы») натыйжасында алайлык кыргыз уруулары аргасыздан Россиянын карамагына өткөн. Алайлык кыргыздардын багынышы менен Түштүк Кыргызстандын Россиянын курамына кирүүсү аяктаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]