Кыргызстан Биримдик партиясы

Википедия дан

Кыргызстан Биримдик партиясы (КБП) - Кыргыз Республикасындагы саясий партиялардын бири. Уюштуруу конференциясы 1994-ж. 9-апрелде болуп, мамлекеттик официалдуу каттоодон ошол эле жылы 8-июнда өткөн.

Партиянын максаты инсандын, жарандын укугун, саясий жана экономикалык эркиндигин көздөгөн олуттуу демократтык коомду, жаңы укуктук мамлекетти курууга аракеттенүү. КБПнын социалдык базасын ортоңку социалдык катмар түзөт: интеллигенттер, ишкерлер, фермерлер, илимий кызматчылар ж.б. Бардык облусттарда бул партиянын регионалдык, укук жагынан оз алдынчалыкка ээ болгон уюмдары бар. Башка саясий партиялардан айырмасы КБПнын өзү түзүлгөндө эле демилгечилер тобу тарабынан иштелип чыккан, уюштуруу конференциясы талкуулап бекиткен, өлкөнү кризистен чыгаруу боюнча Программасы бар. Ал Программа коомдук өнүгүүнүн бардык тармактарын өзүнө камтып, конкреттүү сунуштарды жана ишке ашыруу механизмдерин көрсөтөт. КБП өзүн центристтик багыттагы партия деп эсептейт. Парламенттик жол менен бийликке келүүнү жана өз Программасын ишке ашырууну көздөйт.

1994-ж. 6-октябрда КБПнын демилгеси жана каржылоосу менен Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 70-жылдыгына карата республикалык илимий-теориялык конференция уюштурган.

КБП «Кут билим» гезити, Кыргыз радиосу («Демократия сабактары» берүүсү), «Азаттык» радиосу, «Слово Кыргызстана» гезити ж.б. менен өз ара тыгыз байланышта. Адам укугу жана демократия маселелери боюнча КБП ПРООН менен бирдикте иш алып барат. Биримдик партиясы 1994-ж. декабрында «Шайлоолордон кантип жеңүү керек» китепчени жарыкка чыгарган.

Депутаттыкка талапкерлерге китепче чоң жардам көрсөткөн. 1995-ж. 5-февралда Жогорку Кеңешке депутаттарын шайлоодо КБП көрсөткөн талапкерлердин арасынан алтоо эл депутаттары болуп калышты: Мыйзам чыгаруучу жыйынга - А.Артыков, К.Байболов, М.Жангарачева; Эл өкүлдөрү жыйынына - Е.Исмаилов, И.Токоев, Б.Фатгахов.

1995-ж. 16-мартта болуп өткөн КБПнын II съезди кийин шайлоолорду мажоритардык-пропорционалдык же таза пропорционалдык өкүлчүлүк системасында жүргүзүү боюнча «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү кийирүү жөнүндө» сунуштарды иштеп чыккан. Бул сунуштар башка саясий партиялардын жана көптөгөн депутаттардын колдоосуна ээ болууда, КБПнын Саясий Кеңешинин координатору А.М. Муралиев болгон.

2003-ж. сентябрда «Алга, Кыргызстан!» партиясына өз ыктыяры менен кошулуп кеткен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8