Кыргызстан Түрк кагандыктарынын курамында

Википедия дан


Кыргызстан Түрк кагандыктарынын курамында

Түрк кагандыгы I мин, жылдыктын экинчи жарымы - Түштүк Сибирде, Казакстанда, Орто жана Борбордук Азиянын чек арасында алгачкы феодалдык Түрк мамлекеттеринин түзүлүшүнө жана өнүгүшүнө таандык. Ошондуктан бул мезгил байыркы түрк доору деп аталат. Ушул доордо бул аймактарда алгачкы феодалдык мамилелер түзүлө баштайт. Борбордук Азияда Кыргызстандын тарыхында көрүнүктүү роль ойногон биринчи түрк мамлекети түзүлгөн. Бул түрк кагандыгы эле, ал эки кылымча (552-744-жж.) жашаган. «Түрк» деген этноним (кытайларда «тудзие» деп аталат) кытай летописинде биринчи жолу 546-ж. эскерилген болчу. Согдулар, персилер жана византиялыктар жады талаа багынтуучуларын «түрк» деп аташкан. Бул сөз элдин өз аты, руна сымал текст боюнча ал ганда «күчтүү»,«бекем» дегенди билдирип, этностук мааниге Караганда социалдык маанини көбүрөөк түшүндүргөн. «Түрк» дешип алды менен аскердик аристократиялык өкүлдөрүн гана аташкан. Акырындап отуруп бул ат башында аристократия турган урууга гана эмес, ага баш ийген кептеген тектеш элге да өткөн.
Түрк уруусу IV-V кк
. Борбордук Азия хуннуларынын чөйрөсүндө түзүлгөн. Алар өздөрүнүн ата-бабалары дешип миф боюнча айтылган карышкыр уулу Ашинаны эсептешет. V к. орто ченинде түрктөр жуан-жуан (авардык) кагандыгына баш ийишкен. Жуан-жуан (жуандар деп да аталат) кагандыгы болсо ал учурда Борбордук Азияда да үстөмдүк кылышып, Алтайга отурукташкан. Бул жерде түрктөр бай кенди өздөштүрүп, темир эритип турушкан. Аны ушунчалык кеп эритишкендиктен жуан-жуандардын салыктарынан да темир менен кутулушкан. Түрктөрдүн чечкиндүү башчылары Асан-шад, Туу жана Бумын кенчилердин, эритүүчүлөрдүн жана усталардын бүтүндөй мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланышкан. Алар соот кийинишкен атчан аскерлерди түзүшүп, ошол аскерлердин жардамы менен жүз жылга жетпеген мезгилдин ичинде бүтүндөй алтай урууларын өздөрүнө багындырып алышкан. Өзүнүн күчүнө жана атчан аскерлерине таянган Бумыш 546-ж.
Истеми кагандын кызына үйлөнүшү менен бекемделет. Шериктештер эфталиттер менен кармашка катуу даярданышат. Батыштагы түрктөр өздөрүнүн тылын бекемдөө үчүн дайыма душмандашып турган вархонит- терге (псевдоаварларга) кол салышып, аларды Волганын аркы өйүзүнө чыгара куушат. Бул учурда вархониттер Арал деңизинин боюнда көчүп жүрүшө берген. 563- жана 567-жж. эфталиттерге Ирандын аскерлери батыштан, түрк атчан аскерлери түндүктөн кол салышып, аларды талкалашат. Аму-Дарыясы жеңүүчүлөрдүн чек арасы болуп калат. Орто азиялыктардын жери менен кошо он уруу каганы Истеми эфталиттердин тактан түшүрүлгөн падышасынын жабгулук титулун да алат. Кагандын убактылуу ордосу Теңир-Тоого жайгашкан, бул жерден бардык жактарга соода кербендерин, элчилерди жөнөтүп турууга ынгайлуу эле. Эфталиттерди талкалагандан кийин эле Иран менен Түрк кагандыгынын ортосунда чыр чыгат. Талаалыктардын салты боюнча Хосров Ануширван шах күйөө бала катары кагандын кичүү иниси болуп калууга тийиш болчу. Бирок шах бул салтка баш ийгиси келбейт. Анын үстүнө Истеми мурда эфталиттерге берип жүргөн салыктын баарын эми турк казынасына төгүүнү талап кылат. Бул талапты күч-кубаты артыла түшкөн Иран аткарбай коёт. Каган менен шахтын саясий тирешүүлөрүнүн артында башка себептер да жаткан. Алардын мамлекеттеринин Улуу Жибек жолундагы соода кылуудан түшкөн кирешелерге байланыштуу экономикалык кызыкчылыктар боюнча карама-каршылыктары бар эле. « Бул чыр тез арада чечилүүгө тийиш болчу. Түрктөр Иранга биринин артынан экинчи элчисин жиберишет, бирок Хосров Ануширван элчилердин талабын жоопсуз калтырган. Кырдаалды экинчи элчиликтин мүчөлөрүнүн Иранда каза болушу ого бетер татаалдатты. Персилердин түрктөр үчүн Ирандын аптаптуу климаты тере таасир берди деген кулку келерлик шылтоосуна карабастан Истеми элчилер уулантылып өлтүрүлгөн деген чечимге келди. Бул мурдагы шериктештерди биротоло ажырашууга алып келди. Эми Иран Батыш түрктөр менен согушууга даярдана баштады. Ирандын талкаланышына түрктөргө Караганда согду соодагерлери көбүрөөк кызыгышты. Согдулардын башчысы Маниах Истеми каганга Ирандын баштатан жоолашып келе жаткан душманы Византия менен достошуу га сунуш кирди. Теңир-Тоого аттанып жолго чыккан Маниах баштаган түрктөрдүн элчиси Иран жергесин Каспий деңизинин бою жана Кавказ аркылуу айланып өтүп, 568-ж. Константинополго келди. Император Юстиан II элчилерди жакшы ниет менен кабыл алды. Көп өтпөй Иранга каршы союз түзүү үчүн каган Истемиге жооп иретинде аскер башчысы Земарх башчылык кылган элчилерин жөнөттү. Византиялык элчилер Маниах басып өткөн жолду басып өткөн, ошол учурда эле «согдулардын жери» деп аталган Талас жана Чуй өрөөнүнө келишти. Бул жерден Земархты Теңир-Тоодогу Актаг тоосунун этегине жайгашкан кагандын ордосуна узатышат.