Мазмунга өтүү

Кыргызстан аялдарынын демократиялык партиясы

Википедия дан

Кыргызстан аялдарынын демократиялык партиясы - саясий партия. Мамлекеттик каттоодон 1994-ж. 10-октябрда өткөн.

Негизги максаттары жана милдеттери: Кыргыз Республикасынын коомдук-саясий турмушунда аялдардын катышуусун активдештирүү, коомду жана мамлекетти башкаруу ишине аялдарды кеңири тартуу, чечимдерди кабыл алуунун бардык деңгээлдериндеги бийликтин шайланма органдарында аялдардын өкүлдөрүнүн санын көбөйтүү. Аялдар партиясы жаңы түзүлгөнүнө карабастан баштапкы деңгээлдеги жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого (1994-ж. 22-октябры) жигердүү катышканга үлгүрдү.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүп, Кыргызстан аялдарынын демократиялык партиясы Жогорку Кеңешинин төрайымы Т. А. Шайлиева Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынына депутат болуп шайланды.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6