Кыргызстан калкынын ассамблеясы

Википедия дан

Кыргызстан калкынын ассамблеясы — Кыргыз Республикасындагы массалык коомдук уюм. 1994-жылы 21—22январда Кыргызстан калкынын 1-курултайында уюшулган. Өзүнө бир нече улуттук-маданий борборду: «Иттипак» (уйгур), «Азери» (азербайжан), «Вайнах» (ингуш), «Ата-Журт» (карачай), «Филия» (грек), «Наздар» (чех), «Гармония» (орус), «Мзиури» (грузин), «Минги Тау» (кабарда-балкар), «Берегиня» (украин), «Отан» (казак), «Мидия» (күрд), «Менора» (еврей), «Барт» (чечен), «Романо-Дром» (цыган), «Свитанок» (беларус) ж. б. бириктирет. Ассамблеянын максаттары: коомду бириктирүүгө аракеттенүү, республиканынын бардык жашоочуларын баш коштуруу, улуттар аралык достукту бекемдөө, калктын рухий жана маданий кайра жаралуусуна жардам көрсөтүү, тилди, салтты жана үрп-адатты өнүктүрүү. 1994-жылы 26-сентябрда Бишкек достук үйү ачылып, Ассамблеянын областтык жана региондук бөлүмдөрү уюшулган. Ассамблея саясий ишмердүүлүгүндө Президент жана Өкмөт менен биргелешип иш жүргүзөт. Республикада улут аралык мамилелерди жөнгө салууда Ассамблеянын салымы зор.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]