Кыргызстан коммунисттик партиясы (ККП)
Кыргызстан коммунисттик партиясы (ККП) — Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын (КПСС) курамдык бөлүгү, Кыргызстанда КПССтин жетекчилиги менен анын көрсөтмөлөрүн кыйшаюусуз аткаруучу жалгыз саясий партия болгон. Улуу Октябрь социалисттик революциясына чейин Ош, Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаарында большевиктик партиялык топтор, Кыргызстандын түндүгүндө партиялык уюмдар уюшулган. Кыска мөөнөттүн ичинде түзүлгөн бул партиялык топтор жана уюмдар революциялык кыймылдын күчөшүнө жана Совет бийлигин орнотууда жана чыңдоодо зор өбөлгө болгон. Кыргыз автономия областынын пайда болушуна байланыштуу 1925-жылы партиянын областтык комитети түзүлгөн. Ал калктын жашоо-тиричилигин жакшыртуу жана маданий деңгээлин көтөрүү, сабатсыздыгын жоюу ж. б. маселелерди чечкен. Кадрларды даярдоо, жерсуу реформасын жүргүзүү, республиканыны электрлештирүү, өнөр жайын түзүү жана социалдык-экономикалык курууларды жүзөгө ашырууда зор салым кошкон. Кыска мөөнөттүн ичинде ондогон өнөр жай ишканалары курулуп, айыл чарба азыктуулугу өнүккөн, маданий революция ишке ашкан. 1937-жылы областтык партиялык комитет ККП болуп өзгөрүлүп, республиканынын экономикасын жана маданиятын өнүктүрүү маселелерин чечкен. Кыргыз элинин маданий мурастарына жетүүгө элге кенен жол ачылып, медициналык тейлөө жана билим алуу өнүккөн. Ошондой эле партия тарыхында 1930-жылдардын 2-жарымында Кыргызстан ККПнин лидерлери, мамлекеттик курулуштун демилгелүү катышуучулары (Д. Саадаев, Б. Исакеев, А. Орозбеков, Ю. Абдрахманов ж. б.) негизсиз репрессияга кабылып, кийин акталган. Улуу Ата Мекендик согуштун каардуу жылдарында ККПнин жетекчилиги астында өнөр жай мекемелери, республиканынын бардык эл чарбачылыгы согуштук жагдайга ыңгайлаштырылган. СССРдин Батыш аймактарынан Кыргызстанга көчүрүлүп келинген заводдордо согуштук куралдарды өндүрүүгө жетишти. Улуу Ата Мекендик согуш майданында 13 миңге жакын коммунисттер фашисттик баскынчылар менен салгылашкан, бул республикадагы партия мүчөлөрүнүн дээрлик жарымын түзгөн. КПССтин XX съезди (1956-жыл февраль) партиянын турмушундагы өзгөчө окуя болгон, ал келечектеги коомду демократиялаштыруу курсун кабыл алып, партиялык жетекчиликтеги коллегиялдуулукту калыбына келтирип, репрессияга кабылган жазыксыз адамдарды актап, мыйзамдуулукту сактоо чараларын белгилеген. ККП соңку жылдарда өлкөнүн экономикалык жана социалдык жактан өнүгүшүн камсыз кылды. Партиянын негизги күчү материалдык өндүрүш тармагына жумшалган, бул учурда партиянын мүчөлөрү 140 миңге жеткен. Тарыхтын ар кыл мезгилинде ККП БКны элге белгилүү болгон И. Раззаков, Т. Усубалиев, А. Масалиев өңдүү башчылар жетектеп келишти. 1985—91-жылдары КПССтин айрым жетекчилеринин партияга каршы аракеттери ж. б. өлкөнүн саясий күчтөрүнүн түздөн-түз катышуусу аркылуу КПССти бийликтен четтетип, 1991-жылы август окуясы партиянын өзүн жоюп салууга түрткү болду. Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин чечими менен ККПнин ишмердигине тыюу салынды. 1992-жылы 20-июнда Кыргызстан коммунисттеринин партиясы уюшулуп, 1992-жылы 17-сентябрда мамлекеттик каттоодон өткөн. Өзүн мурунку ККПнин мураскери деп эсептейт. ККПнин негизги максаты — социалдык-экономикалык өнүгүү багытында социализмдин жаңырган формасына өтүү жана жалпы адамзаттык баалуулуктардын артыкчылыктарын тааныйт. Саясат жана идеология багытында Кыргызстанда укуктук мамлекетти курууну, көз карандысыздыкты жана эгемендүүлүктү камсыз кылууну көздөйт. Республиканынын бардык областтарында жана шаарларында ККПнин баштапкы уюмдары бар. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоодо ККПдан талапкерлер көрсөтүлүп, депутат болуп шайланышат. Учурда коммунисттердин саны 10 миңден ашык. ККП БКнын жетекчиси — И. Масалиев. ККП менен катар 1999-жылы каттоодон өткөн Коммунисттик партия да (жетекчиси К. Ажибекова) иштейт. Россия жана КМШга кирген башка өлкөлөрдүн КПлары менен ККПнын тыгыз байланышы бар.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9