Кыргызстан курортология жана калыбына келтирүү илим изилдөө институту

Википедия дан

Кыргызстан курортология жана калыбына келтирүү илим изилдөө институту — Кыргызстанда курортология, физиотерапия жана практикалык иштерди жүргүзүүчү мекеме. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине карайт. 1957-жылы Фрунзеде Кыргызстан курортология жана физиотерапия илим изилдөө институту болуп уюшулган. 1992-жылдан азыркыдай аталат. Институт Бишкектен 20 км түштүктө Таш-Дөбө айылында, филиалы Бишкек шаарында жайгашкан. Ал илимий клиникалык жана лаборатория бөлүмдөрдөн турат. Институттун 510 орундуу клиникалык базасында жыл сайын 11000ден ашык оорулуу дарыланат жана реабилитациядан өтөт. Институтта жүрөк-кан тамыр, тамак сиңирүү, дем алуу системалары, нерв системасы, буту, колу жабыркагандар дарыланат. Ал жерде дары-дармек жана табигый факторлордон тышкары физиотерапия (электр, ультра үн, жарык ж. б.), жылуулук (баткак, парафин), түрдүү массаж, дары чөптөр, аэрозолдор, суу, ийне менен дарылоо жүргүзүлөт. Ангионеврология бөлүмүндө мээнин кан айлануусу бузулгандар, четки нерв системасы жабыркагандар дарыланат жана сүйлөөсү, басуусу бузулгандар үчүн калыбына келтирүүчү комплекстүү чаралар жүргүзүлөт. Институтта 47 илимий кызматкер, илимдин 2 доктору жана 13 кандидаты эмгектенет (2010).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]