Кыргызстан обондору, радио
"Кыргызстан обондору" радиосу
Кыргызстан Обондору- Дүйнө жүзүндөгү эң популярдуу кыргыз тилиндеги радиостанция! Жаш жана активдүү адамдарга ылайыкталган заманбап, стилдүү радио. Угармандарына кыргыз тилиндеги саркеч хит ырларды сунуштайт. Эфирдин ар бир элементи - музыкалык программа, жаңылыктар же көңүл ачуучу программалар максаттуу аудиториянын форматына жана муктаждыктарына ылайык түзүлөт.
“Кыргызстан Обондору” радиосу 1999-жылы “Европа” медиатобунун колдоосу менен, алгачы жолу 24-январда эфирге чыккан. 25 жылдан бери кыргыз тилинин өнүгүүсүнө салым кошуп, сапаттуу кыргыз музыкасын жаңырткан өлкөдөгү алдыңкы радиостанция.
«Кыргызстан Обондору» өлкөдө эң чоң берүү аймагын камтыган коммерциялык радиостанция болуп эсептелет.
* 7 облус
* 31 шаар
* 460 калктуу пункт
Радиостанциянын угармандары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргызстан Обондору радиосунун потенциялдык аудиториясы 18 жаштан 45 жашка чейин. Өзөгү: 25-40
Улуттук статистика комитетинин 2020-жылдагы маалыматында - 4 067 000ден ашуун адам бул радиостанцияны угат.
«Кыргызстан Обондору» өлкөдө эң чоң берүү аймагын камтыган коммерциялык радиостанция болуп эсептелет.
- Бишкек жана Чүй облусунда (FM 106,5)
- Ысык-Көл облусунда – (FM 87,9)
- Ош жана Жалал-Абадда – (FM 106,5)
- Талас облусунда – (FM 87,5)
- Баткен облусунда – (FM 104,3)
- Нарын облусунда – (FM 93,3)
"Кыргызстан Обондорундагы" программалар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]ЭРКЕ ТАҢ- Жаркын эмоцияларды камтыган, позитивдүү, уникалдуу таңкы шоу-программа. (Түрдүү оюндар, рубрикалары менен) Иш күндөрү 7:00-10:00
КЕРЕМЕТ ШОУ- Талкуу жараткан кызыктуу темалар, интерактивдүү оюндар менен коштолгон кечки шоу-программа. Иш күндөрү 17:00-19:00
Обон чат- Интерактивдүү күндүзгү шоу-программа. Иш күндөрү 14:00-15:00
"Жаңылыктар" кызматы
[түзөтүү | булагын түзөтүү](Суткасына 11 жолу, 8:00дон 20:00го чейин) бул республиканын саясий, экономикалык, социалдык, маданий жана спорттук турмушун объективдүү жана ыкчам чагылдыруу. Ошондой эле бизнестин, искусствонун жана илимдин жетишкендиктери туурасында жаңылыктар.
"Кыргызстан Обондору" радиосунун сайты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Радиостанцияда болуп жаткан жаңылыктар,акциялар.
- Шоу-бизнес жана спорттогу жаңылыктар.
- Жаңы ыр жана жаңы клиптер
- Шоу-программалардын үзүндүсү
- Ди-джейлердин жеке баракчалары
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|