Кыргыз-Ата Кооз таш кени

Википедия дан

Кыргыз-Ата Кооз таш кени - Ош облусунун Ноокат районунда, Эски-Ноокат кыштагынан 5-6 км түштүктө. 1956-ж. табылган. Кен аймагын юра мезгилинде пайда болгон кызыл түстүү кумдук түзөт. Жыгачтын калдыгы халцедон менен кварцка ширелип, таш болуп катып калган. Өңү ачык күрөң, мала кызыл, көгүш. Майда бүртүкчөлүү, темгилдүү. Жыгачтын структурасы, жылдык тегерек темгилдери, жаракалары начар сакталган. Блоктуулугу 10х10х5 см. Жыл сайкалдаганда кооз оймо-чиймелерди пайда кылат. Белек-бечкек буюмдарын жасоого жарамдуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]