Кыргыз-буруттар

Википедия дан

Кыргыз-буруттар - Астрахан ногойлорунун (Россия Федерациясы) ичинде алабугат деп аталган субэтностун курамындагы уруктун аталышы. Маалыматтарда (И.Георги, Т.А.Трофимов) «кыргыз-буруттар» 1758-ж. калмактардын акыркы толкуну менен кел- гендиги айтылат. 1782-ж. «увачалык буруттатарларда» жүргүзүлгөн каттоодо калмактардан бөлүнүп чыккан кыргыз-буруттардын саны 350, анын ичинде утар-алабугаттардын курамында 200, калгандары болсо ногой-карагаштардын курамдарына жуурулушту. Акыркылар ногой-утарлардын ичиндеги эң сыйлуу, ак сөөк «кыргыз» уругун түзүшөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]