Кыргыз-кытай дипломатиялык мамилелери
Кыргыз-кытай дипломатиялык мамилелери (орто кылымдан — 18-кылымдын аягына чейин) — кыргыздар менен Кытайдын ортосундагы өз ара эл аралык расмий карым-катнаштары орто кылымдарда Енисей кыргыздарынын, соңку мезгилдерде (18—19-кылым) Теңир-Тоо кыргыздарынын кытайлар менен мамилелери тарыхый жагдайларга жараша өнүгүп келген. Таң(唐) императору Вэнь-цзундун (827—841) жана У-цзенин (841—846) башкаруу мезгилинде министрлик кызматта иштеген Ли Дэ-юй Кытайдын кыргыздар жана уйгурлар менен болгон мамилелерин чагылдырган расмий документтерди чогулткан. Анда кыргыздардын Борбордук Азияда өз алдынча мамлекеттик бирикмеси түзүлүп, аскердик-саясий күчкө ээ болгон учурундагы Кытай менен өз ара элчилик-дипломатиялык карым-катнаштардын өнүгүшү жөнүндө маалыматтар камтылган. Ли Дэ-юй түзгөн жылнаамада кыргыз-кытай дипломатиялык мамилелери биринчи жолу 632-жылы император Тай-цзундун кызматкери Ван И-хунду кыргыздарга элчи кылып жибергендиги менен эскерилет. Кыргыз (цзяньгун) өлкөсү биринчи элчилигин Кытайга 643-жылы жөнөткөн. Ал эми 648-жылы кыргыз падышасы Сылифа (бийлик баскычындагы 3-даража) Шибокюй (Сибоцюй) Ачжан башында турган кыргыз элчилери Кытай императорунун сарайында кабыл алууда болгон. Император Тай-цзун ага сол канат гвардиясынын ардактуу генералы «Цзо-тунь-вэй-цзянь-цзюнь» аскер чинин жана Кыргыз («Цзянь-кунь») областынын генерал-губернатору деген кызмат ордун берген. Кытай жылнаамаларында кыргыздардын бир нече жолу Кытайга баргандыгы (707—723) тууралуу маалыматтар кездешет. Мындай байланыштар эки тараптын ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин өнүгүшүнө шарт түзгөн. 758-жылы Борбордук Азия көчмөн уруулары, анын ичинде кыргыздар Уйгур кагандыгынын үстөмдүгүндө калгандыгына байланыштуу жүз жылга жакын Кытай менен болгон дипломатиялык байланыштар үзүлүп, 9-кылымдын орто ченинде кайрадан жанданган. 842-жылы Тяньдэцзюнга (император сарайына) кыргыз каганынын каты менен элчи Та-бу Хэцзу (Тапу Алп Сол) келген. 843-жылы кыргыз каганынын атынан Чжу-у Хэсу Чугу Алп Сол 2 аргымак алып барган жана кыргыздарды өтө урматтагандыктан, император аны манжур хандыгынан келген элчиден жогору отургузуп, кыргыз каганынын сүрөтүн тартып алууга буйрук берген. 860—873-жылдары кыргыздардын атынан элчилер 3 жолу барган. Алгачкы кыргыз-кытай мамилелери Таң (唐) империясы кулаганга чейин (907) уланган. Мындан кийин соңку орто кылымдарда Енисей кыргыздарынын Кытай менен болгон дипломатиялык мамилелери тууралуу тарыхта эч кандай маалыматтар эскерилбейт. Орто кылымдардагы кыргыз-кытай дипломатиялык мамилелери Кыргыз кагандыгынын Кытай менен өз алдынча элчилик-дипломатиялык, ошондой эле соода-экономикалык жана саясий байланыштардын өкүм сүргөндүгүн ырастайт. Кыргыз-кытай дипломатиялык мамилелери Жуңгар хандыгы кулагандан (1758) кийин гана Теңир-Тоо кыргыздары менен уланган. Анда эки тараптын ортосундагы саясий мамилелерди жөнгө салуу, кыргыздардын көчүп-конуу чек араларын жана конуш-жайыттарын аныктоо маселелери менен байланышкан. Бул мезгилде Цин(清帝國 Чиң )-Кытай империясы Чыгыш Түркстанды каратып алып, коңшу аймактарга да экспанциялык саясат жүргүзүү менен кыргыз-казак конуштарына доомат артып баштаган. Аны менен бирге эле Чыгыш Түркстандын Цин(清帝國 Чиң ) бийликтеринин үстөмдүгүнө каршы башталган кыймылдарга кыргыздардын тиешеси бар экендиги жана алар менен бейтарап мамиле түзүү максатында 1758-жылы июнь айында Шиңжаңдагы Кытайдын аскер бийликтери Урдэн, Толунтай, Идамчаба жана Линбао башында турган чабарман-элчилерин жиберген. Алар кыргыз конуштарында болуп, императордун жарлыгы менен кыргыз башчыларын тааныштырган. Ошол эле жылдын август айында түндүк кыргыз урууларынын чоң бийи Маматкул Цин (清帝國 Чиң) императоруна Черикчи Темир уулу, Түлкү Айта уулу, Шербек Жакшыбай уулу жана Нышаа Кудайменде уулун элчиликке жөнөткөн. Орус маалыматтары боюнча 1758-жылы күзүндө Каңгайга салбыруунга келген Богдо ханга (императорго) жыйырмага чукул бурут өкүлдөрү баргандыгы жана андан ары аны менен бирге Бээжинге беш адам кеткендиги эскерилген. Кыргыз элчилери император Цянь-Лундун (1736—95) алдында кытайлар доомат арткан Ысык-Көлдүн чыгышы (Кеген-Каркыра, Иленин башы, Текес ж. б.) эзелтен бери эле кыргыздын ата конушу экенин бышыкташкан. Кыргыздардын Чыгыш Түркстан маселесине кийлигишпөөсүн жана өз алдынча көчүп-конуп, чек ара бузуп, конуш которбоосун талап кылышып, 1759-жылы Доктон баштаган Цин(清帝國 Чиң ) бийликтеринин чабармандары түштүк кыргыз урууларынын башкаруучусу Ажы бийдин алдына барышкан. Аларга жооп кылып Ажы бий өзүнүн элчиси Сары Күчүктү Шиңжаңдагы Кытай бийликтерине жиберген. Чыгыш Түркстандагы түзүлгөн саясий кырдаалга байланыштуу 1760-жылы чек ара аймактарында жашаган чоң багыш, черик урууларынын атынан да Цин (清帝國 Чиң ) императоруна элчилер барган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9