Кыргыз-хакас тарыхый-этностук алакалары

Википедия дан

Кыргыз-хакас тарыхый-этностук алакалары, маданий алакалары окумуштууларды эбактан кызыктырып келет. Бул кыргыздардын тегине, миграциясына Кыргыз мамлекетүүлүгүнүн, мамлекетинин саясий-экономикалык тарыхына, анын этностук курамына, материалдык жана руханий маданиятына байланышкан маселелерге арналган. Албетте, Хакас- Минусин ойдуңу, кыргыздар калтырган маданий катмар, энесайлык кыргыздардын түз урпактары экендиги илимде далилденген хакастардын сырдуу тарыхы иликтөөчүлөрдү кызыктырып келет. Хакастар - энесай кыргыздарынын маданиятынын түз мураскорлору болуп саналышат. Хакастар өздөрүн «тадар» (татар) деп аташары маалым. Саны 80 миңден ашуун хакастар бүгүнкү күндө айрым өзгөчөлүктөрү бар төрт топко бөлүнүшөт: качиндер (хааш, хаас), сагай, кызыл, койбал. «Тадар» (татар) деген кошумча ат Хакас-Минусин (Кыргыз жери) Россиянын курамына каратылгандан кийин, көчүп келгендер (жергиликтүү орус администрациясы) тарабынан берилген. Бирок азыркы Хакасия Россия империясынын курамына каратылганга чейин «Кыргыз жергеси», «Кыргыз өлкөсү» (Кыргызская земля, Кыргызская страна) деген ат менен тарыхый жазма булактарда чагылдырылат. 1917-ж. төңкөрүштөн кийинки тынчтык мезгили орногондон соң, Эл Комиссарлар Кеңешинде мурдагы губернияларды улуттук-маданий белгилерине карата бөлүү жөнүндөгү чечим кабыл алынган эле. Бул чечим ошол кездеги хакас интеллигенциясын түйшөлтүп, бир нече этнографиялык топторду бириктирген энчилүү ат таба алышкан эмес. «Тадар»(татар) деген ат келгин орустар тарабынан берилген жана ушул эле энчилүү аттар менен бир нече этностор (крымдык, астрахан, казан, сибирь жана башка татарлары) белгилүү болгон. Натыйжада, түзүлгөн комиссия «кыргыз» этнониминин кытай тилиндеги жыл баяндарда чагылдырылган (Тан доору, 7-10-кк.) «хягас» деген формасын кабыл алууга токтолушат. Албетте, бул маалыматтар синолог Н.Я.Бичуриндин түзгөн эмгегинен алынган эле. Ошентип, эл- дин энчилүү аты бир нече кишиден турган топ тарабынан чечилген болучу. «Хакас» жасалма аты азыркы учурда да расмий жана башка мамлекеттик иш кагаздарында гана колдонулуп келинет.«Кыргыз» этнокомпоненттери бүгүнкү хакастардын курамындагы кенен ареалда сакталып келет. Ал эми кытай, мусулман, орус булактарында белгилүү болуп келген «Кыргыз жери», «Кыргыз өлкөсү» кантип эскерилбей калды деген суроо туулат. Албетте, Энесайдагы кыргыз этносунун өнүгүшүнүн абалына монгол жеңип алуулары, алардын ич ара бийлик үчүн күрөштөрү, Алтын-хандардын, өзгөчө Жунгар хандыгынын көчүрүп, таратуу саясаттары өз кедергисин тийгизбей койгон жок. Жунгар ханы Цеван Рабдан 1703-жылы июнь айында Духар, Сандык жана Аранжама Ченбил аттуу үч аскер башчыла- рына энесайлык кыргыздарды Жунгарияга көчүрүп келүүнү буйруган эле. Изилдөөчүлөрдүн пикирлерине караганда, энесайлык кыргыздардын саны (5 коэфицент менен) 20-25 миң адамды түзгөн. Күчтөрдүн салыштырма салмагы калмактар тарабында болгондуктан, аз сандуу кыргыздардын басымдуу бөлүгү Ата-Журтту калтырып кетүүгө аргасыз болушат. Айрым маалыматтар көчкөн кыргыздардын колоннасынын 20-30 км. чейин чубалганын баяндайт. Бул маалыматтарды ошол мезгилдеги орус жазма булактары да тастыктайт Көчүрүлгөн кыргыздарды Эмель-Гол дарыясынын боюндагы Жунгар контайшысынын ордосуна чукул жерге, өз алдынча айылга жайгаштырышкан. Алардын жалпы саны 400 түтүн болгон. Сүрүлгөн элдин арасында кыргыздардын кыштымдары да бар эле. Алар шуштар, белтир, модар, ариндер болучу. Кыргыздардан башка көчүрүлүп келинген телеуттар (телеңуттар) мингат жана ооржактар чоро (с) уруусунан чыккан контайшынын өзгөчө ээлигин түзүшкөн. Бөтөн жердин шартына чыдабаган кыргыздардын бир бөлүгү түркүн жолдор менен өз мекенине кайтып келишкен. Маалыматтар 17-18-кк. орус документтериндеги чагылдырылган фактылар менен да бекемделет. Бул процесс Жунгар хандыгы кулаган мезгилге чейин уланган. Сүргүндөн аман калып, кайтып келген кыргыздар, алардын кыштымдары бүгүнкү хакастардын этностук жүзүн калыптандырган.

1727-ж. 20-августта Хакас-Минусин ойдуңун Россия империясынын каратып алышы, энесайлык кыргыздардын бул аймактагы 1300 жылга созулган этностук, аскердик-саясий, социалдык үстөмдүгүнүн жоюлушун шарттаган. Ошентип, энесай кыргыздарынын өз алдынча этностук өнүгүүсүнө сокку урулган болучу. Кыргыз-хакас этностук-маданий байланыштарынын хронологиясын болжол менен 5-к. орто чендеринен (кыргыздардын Батыш Монголиядан Минусин ойдуңуна журт которгон мезгили) 18-к. баш чендерине чейинки мезгилде кароого болот. Бир катар тарыхый булактар, илимий адабияттардагы маалыматтарга таянып, кыргыз- хакас этностук алакаларынын тамыры терең, алар Энесай Кыргыз мамлекетинен тартып, кыргыздардын негизги бөлүгүнүн Теңиртоо жана ага жамаатташ аймактарга журт которгон мезгилине чейин бирдиктүү тарыхый кыртышка ээ болгондугун билүүгө болот.

Энесайда калган кыргыздар аталган аймакта 18-к. баш чендерине (1703-ж.) чейин үстөмдүк абалды ээлешкен. Бүгүнкү хакастардын этностук жүзүнүн калыптанышына самодий, кет тилдүү элементтер да катышкан. Ириде сибирдик кыргыздар хакастардын этногенезинде башкы ролду ойношкан. Ошондуктан хакастар байыркы энесайлык кыргыздар менен азыркы кыргыздардын ортосун- дагы байланышын тактоодо Манжуриядагы (Хэйлунцзян) фу-ю кыргыздарынын тобу, сары уйгурлар жана лобнорлуктар сыяктуу эле бириктирүүчү жагдайлардан болуп калат. Бүгүнкү кыргыздардын этностук курамынан да кет, самодий тилдүү этнокомпоненттерди байкоого болот. Мисалы, айрым изилдөөчүлөр кыргыздын баргы, бугу урууларынын курамдарындагы «желдең» уругу менен хакастардын «чилдег» сөөгүнүн түз этногенетикалык жалпылыктарына токтолушат.

Хакастардын курамындагы «чилдег» сөөгү теги жагынан кыргыздарга теги өтө жакындыгы аныкталган хакас-качиндердин курамына кирет. «Чилдег» - сөөгү хакас тарыхый фольклорунда желден, шамалдан туулган баладан тарагандыгын баяндайт. Хакас мифологиясындагы Чилдег-хан шамалдын, бороондун кожоюну катары чагылдырылат. Этностук аталыштын экинчи компоненти - денг\ -дег кеттердин «адам», «киши» деген сөзүн туюнтат. Профессор В.Я.Бутанаев: «Кыргыздардын курамындагы (кет (самодий) этнокомпоненттеринин болушу теңиртоолук кыргыздардын түпкү мекени Энесай чөлкөмү деген теориянын тууралыгын далилдейт», деп ырастайт. Эзелки замандардан адамдар от, суу, жер, күн менен катар абага, өзгөчө шамалга да ыйык күч катары сыйынып келишкенин шаман дининен байкоого болот. Шамандар ритуал учурунда бороон-шамалды, жөнөкөй эле желди чакырышкан. Шамандар ритуал процессинде бубендин, байланган тал-чөптүн, кездемелердин кесиндилери менен бирге кыймылдап, алардын жардамы менен жасалма түрдө желди (шамалды) пайда кылышкан. Ушул желдин (шамалдын) көмөгү менен шаман өзүн колдоочу духтар менен баарлашкан. Алагыр - кыргыздын моңолдор уруусунун курамындагы урук катары белгилүү. Ала + гыр; гир\гыр\гур - эвенк тилинде «адамдар», урук», уруу» маанисин аныктайт. Мисалы, гурагир (гуран) - «жапайы теке уруусу», путугур - «каздар уруусу», куктугыр - «күкүк уруусу», кандыгир - «өрдөк уруусу» жана башка туюнтары маалым. Хакастардын курамындагы «кыргыз» сөөктөрү (уруктары) эң көрүнүктүү жана тектүүлөрдөн болуп эсептелген жана бул этнонимдер хакас уруктарынын дээрлигинен кездешери байкалган. Эгерде хакастарда жалпысынан 1200 фамилия белгилүү болсо, «кыргыз» сөөктөрү алардын беш пайызын түзгөн.

Төмөндөгү уруу-урук аталыштарындагы параллелдер тектик жалпылыкты аныктайт: кыргыз = хыргыс, мангыт = мюнгат, желдең = чилдег, бөгөжү = пөгечи, бука = пуга, тубай = туба, карга = харга, кашка = хасха, абакан = абакан, жети кашка = юс хаска, төөлөс = тилегес, сарттар = сартах, кайдуулат = кый, соколок = соххы, кыйра =хый, аскалы=сакачы, бугу=пуга жана башкалар. Мисалы, бөгөжү - кытай уруусундагы урук катары белгилүү. Параллелдери хакастардагы туба, койбалдардан жана Чыгыш Саяндардагы камассин-хакастардын курамдарынан «пөгечи», «бугажы» формаларында кездешет. Мындан сырткары, кыргыздарга теги жакын сары уйгурлардын уруулук курамында да «пөгеши» (яглакхыр уруусунда) аттуу уруу белгилүү.

В.Я.Бутанаев казактын улуу жүзүнүн курамындагы «бөгечи» уругун 1703-ж. көчүрүлгөн энесайлык кыргыздардын урпактары экендигин өз иликтөөлөрүндө белгилеп келет. Чот-ават, бөрү урууларынын курамдарындагы уруктар катары маалым. Параллели хакастарда - чода, алтайлыктарда (кумандылар) - чооты, туваларда - чоду формаларында кездешет. Хакас санжыраларында чода сөөгү Жунгарияга сүрүлгөн кыргыздардын калган бөлүгү катары баян- Далат. Хакас-качиндерде «чода хыргыз», «чода пүрүт», хакас-кызылдарда «чода хыргыс» уруктары бүгүнкү күнү да белгилүү. Профессор В.Я.Бутанаев Түштүк Сибирь аймагынан бир топ санда кездешкен чоода=чоты=чоду этнонимдерин эзелки замандагы Түштүк Сибирдин этносторунун субстраты катары карайт. Кабели же Каабели - тынымсейит уруусунун курамындагы урук. Санжырада Кабели Шалтак жана Мортук менен бирге тынымсейиттердин түпкү бабалары катары баяндалат. Этнонимдин параллелдери алтайлыктардан «кобалы», тувалардан «ховалыг» формаларында кездешери маалым. Изилдөөчүлөр бул этнонимдерге хакастардын хобый= кобый уруктарынын (сөөктөрү) тектик жакындыктарына маани беришет. В.Я.Бутанаев тувалардын курамында «хыргыс ховалыг» (хообалых) аттуу уруктун бар экендигине токтолот. Мындан сырткары, бул этностук аталыштар хакас, алтайлыктар, тувалар жана кыргыздардын этностук жакындыктарын чагылдырат.Эпитафиялык жазуу эстеликтеринде: «Мен жети бөрүнү өлтүрдүм, барс менен эликке тийген жокмун» - деген маалыматтар бар. Хакастардын курамында теги байыркы «чити пүүр» (жети бөрү) аттуу урук белгилүү. Энесайдагы ошол эпитафиялык эстеликтерде кыргыздардын өлкөсүнүн ичинде «жети бөрү» жана алардын «көк, кара бөрүлөр» менен согушкандыктары баяндалат. Бул маалыматтар албетте, байыркы кыргыз урууларынын ич ара күрөшүн чагылдырат. Мисалы, хакастарды «чити пүүр» уруусу ах пүүр, хара пүүр, көк пүүр жана башкалар жети уруктан турары маалым. Соколок - кыргыздын мунгуш уруусунун курамындагы урук. Параллели сары уйгурлардан «сокалык» формасында кездешет. Профессор В.Я. Бутанаев негиздүү маалыматтарга таянып, хакастардын ичиндеги «соххы» сөөгү Энесай кыргыздарынын түз урпактары болорун өз иликтөөлөрүндө белгилеп келет. Бул маалыматтар орто кылымдардагы кыргыздардын миграциясынан кабар берери ырас. Уруулук эн тамгалардагы параллелдер кыргыз-хакас этностук байланыштарын чагылдыруу менен бирге, хакастар кыргыздардын урпактары экендигин далилдейт. Кыргыздар хакастардын этногенезинде башкы орунда турарын хакас элдик оозеки чыгарма маалыматтары да тастыктайт. Сибирь элдерин терең изилдеген В.В.Радлов хакас-сагайлардын ичиндеги «хыргыс» уругунун өкүлдөрүнөн кыргыздардын Жунгарияга көчүрүлүшү жөнүндө баян жазып алган. Ал сүргүндөн аман калган кыргыздар жөнүндө жазып келип, «жогорудагы уламышка караганда «хыргыс», «иргиттер» Абаканда калган кыргыз уруктары болуу керек» деген жыйынтыкка келген. Автор түрк тилдүү элдердин арасынан жыйналган зор материалдардын негизинде салыштырмалуу изилдөөлөрдү жүргүзүп, абакан татарлары (хакастар) жана кыргыздардын эпикалык поэмаларынын жаралышында этногенетикалык жалпылыктар бар деген тыянакка келет; «Абакан татарлары өз жомоктору аркылуу руханий турмушунда идеалдуу, таза дүйнөнү түзө алышкан; мындай көрүнүштү башка түрк тилдүү элден - кара кыргыздардан гана көрө алдым деп В.В.Радлов жазган. Изилдөөчү Саян-Алтай жана теңиртоолук кыргыздардын тегинин жалпылыгы жөнүндө алгачкы пикирди айткан. Тарыхый оозеки чыгармалардын маалыматтары боюнча хакастар теги кыргыз Пүрүстөн, экинчи бир варианттарында «тогуз миң сандуу хоорайлар (хакастар) тогуз бир тууган кыргыздан» тарагандыгы баяндалат Бул маалыматтар Тан династиясынын жыл баяндарында да чагылдырылат.

Хакас тарыхый оозеки чыгармалары кыргыздардын Энесай өрөөнүнөн түштүк тарапка, Алтайга ооп кетишкендиги, айрым варианттарында жаратылыштын кырсыгынан шейит болушкандыгы жөнүндө уламыштар бар. Кээ бир мифтерде кыргыздардын дүйнөлүк топон суудан курман болушкандыгы баяндалат; эзелки сюжеттеринде кыргыздардын жер которушу аба-ырайы, жер шарттарынын өзгөрүшүнө байланыштуу болгондугу да айтылган. Байыркы малчылар бычан даярдашчу эмес, анткени Хакасияда кыш карсыз боло турган. Бирок бир жылдар кыш катуу болуп, мал ачкадан кырыла баштаганда кыргыздар жылуу аймакка журт которууга аргасыз болушат. Башка версия боюнча, Орто Энесай өрөөнүндө жай айлары көп жылга созулган кургакчылыкка айланып кетет. Чөптөр куурап, эгиндер күйүп, сугат каналдары соолуп калыптыр. Ошондо кыргыздар жакшы шартка үмүттөнүшүп, азыркы Монголия тарапка көчүп өтүшөт. Алар көчүп өткөн жерлерде зор ирригациялык курулуштар калган. Шор жана чулумдардын уламыштарында алар байырлаган аймактар эзелки замандарда талаа болуп, анда кыргыз жылкычылары жашашканы эскерилет. Жерден дарак өсүп чыга баштаганда, кыргыздар бул кубулушту шайтандын мүйүзү, боло турган кырсыктын белгиси катары түшүнүшүп, түштүк тарапка журт которуп кетишет. Алардын көчө албай калган бир аз бөлүгү бүгүнкү хакастардын бабалары болуп калышты. Азыр да Шорияда түн ичинде кыргыз жылкыларынын кишинегендери угулган «Хыргыс кодреси» - «кыргыз сазы» деген жер бар. Кыргыздардын Саян-Алтайдан ары көчүшү тууралуу уламыштар Кыргыз Улуу Державасы (9-11-кк.) мезгилин, алардын Борбордук Азиянын зор бөлүгүн басып алып, Теңиртоого журт которуусун чагылдырышы ыктымал. Мындан сырткары, кыргыз-хакас тектик жалпылыктары лексикалык параллелдерде байкалат. Ландшафт жана жаратылыш кубулуштары, жаныбарлар дүйнөсү, мал чарбачылыгы, кийим-кече, тамак-аш, үй турмушундагы терминологияда тарыхый жалпылыктар бар. Мисалы, куурулган эт - хоорган эт, чучук - чучух, карта - харта, сүт ботко - сүт потхы, кымыз - хымыс, айран - айран, курут - хурут, каймак - хаймак, талкан - талхан, боорсок - поорсых жана башкалар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]