Кыргыз Кытай дипломатиялык алакалары
Кыргыз Кытай дипломатиялык алакалары (орто кылымдагы) жөнүндө тарыхый маалыматтар 9-кылымда «Ли Вей-гун хойчан ипинь цзи» (Ли Вей-гундун Хойчан, 841–846-жылы башкарган мезгил) аттуу кытай жыл баянында [Тан императорлору Вень цзунь жана Уцзуньдун мамл. министири Ли Дэ-юй (786–849-ж.) тарабынан түзүлгөн тарыхый иш кагаздардын топтому] чагылдырылган. Ли Дэ-юй түзгөн жыйынтыктын 1-, 2-бөлүмдөрүндө Кытайдын кыргыздар жана уйгурлар менен болгон алакалары чагылдырылган. Жыйнакта Тан императорунун кыргыз каганына жазган расмий каттары да бар. Элчилик деңгээлдеги мамлекеттер өз ара расмий мамилелерди чагылдырган кат алмашууларда кыргыз-кытай аскердик, саясий-экономикалык 7–9-кылымдардагы Алакаларына сереп салынган. Борбордук жана Ички (Батыш) Азиядагы саясий абал, андагы кыргыздардын жана Тан империясынын алган орду терең иликтенген.
Өзгөчө кыргыздардын Уйгур кагандыгы кулагандан соң түзүлгөн аскердик-саясий кырдаалдагы өзгөчө орду, согуштук-саясий күчү даңазаланган. Расмий каттарда мамлекет өз ара алакалардын бир катар тармактардын (соода, экономикалык жана башка) өнүгүүсүнө да маани берилген. Кыргыздар 7-кылымдан Борбордук жана Ички Азиядагы эң ири аскердик-саясий күчкө айлана баштаган. Тан императорлору кыргыздардан өзүнүн ишенимдүү, күчтүү союздашын көрө алышкан. Буга 632-жылы Кыргыз каганына Тан императору Тайцзунь тарабынан жөнөтүлгөн Ван И-Хун башында турган мамлекет расмий элчилик далил болот. Кыргыздар бул элчиликке жооп иретинде 648-жылы Шибокюй Ачжан башында турган элчилерди жөнөтүшкөн.
Кыргыз элчилери кытай императорунун расмий кабылдоосунда башка элчиликтерге салыштырганда өзгөчө сый-урмат менен кабыл алынгандыгын маалымдаган булактар бар. Кытай жыл баяндары 643-, 648-, 655-, 675-, 707-, 709-, 722-, 723-, 724-, 747-жылдардагы элчиликтер жөнүндө эскертет. Кыргыздардын жана Тан империясынын ортолугундагы саясий-дипломатиялык алакалардын туу чокусу 9-кылымдын ортосуна таандык. Мамлекеттин расмий иш-кагаздарында Азиянын эң күч-кубаттуу мамлекеттеринен болгон Кытайдын Тан династиясына кыргыздар кеминде 3 кылымдай мезгилде ишенимдүү, күч-кубаттуу, аскердик – саясий союздашы болгондугу маалымдалат.
Бул согуштук союзга айрым учурларда Тибет, Курлук, кагандыгы да биригип турушкан. 843-жылы чегинде эле элчилик миссияга жооп иретинде Кыргыз каганынын атайын тапшыруусу боюнча Табу Хэцзу (Алп Сол), Вень-у Хэ, Дидэсу Наньчжу өңдүү кыргыз аскер башчылары жана эл билермандары Тан императоруна мамл. расмий каттарды тапшырышкан. Кыргыз-кытай алакалары Тан империясы кулаганга чейин (907-жылы) уланган.
Колдонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”