Кыргыз Республикасында милиция реформасы

Википедия дан

Кыргыз Республикасында милиция реформасы — бул Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын иштерин жакшыртууга багытталган, милицияга болгон ишеним денгээлин жогорулатууга, жарандык институттар менен кызматташтуулукту күчөтүүгө жана башка чараларды камтыган топтому.

Милицияны реформалоо аракеттери Кыргызстанда 1998, 2005 жана 2012 жылдары болгон. Кезектеги реформа программасы 2013 жылдын 30 апрелинде Өкмөт тарабынан кабыл алынган.


Болуп өткөн реформа аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1998 жылы 23 – июлда Өкмөттүн № 490 токтому менен «Кыргыз Республикасынын Ички Иштер Министирлигинин тутумун өнүктүрүү концепциясын» колдогон[1]. Ал концепция негизги багыттар жана оперативдик-кызматтык иштерин жакшыртуу принциптерин боюнча КР ИИМдин өтүү доорундагы расмий көз карашы болгон. ИИОнун тутумунун өнүгүүсүн камсыздай турган комплексттик түрдө болгон концепция ошол учурдагы (1998 жылдын аягына чейин), жакынкы (2000 жылга чейин) жана алыскы (2003 жылга чейинки) мезгилдерди камтыган.

1999 жылдан 2005 жалдар арлыгындагы бул административдик реформанын алкагында ИИМдин штаттык саны штаттык-уюштуруу түзүлүшүн оптимизациялоонун негизинде 50%га кыскарылган. Андан тышкары бир катар кызматтар кайра уюштуруудан өткөн.

2005 жылдын 18 – мартта Президенттин №76 Указы менен «Кыргыз Респуликасынын ички иштер органдарынын 2010 жалга чейинки аралыгында реформалоо концепциясы» бекитилген[2].

2008 жылы КР ИИМдин 7 мартта жана 16 апрелде болгон буйруктары менен «2008 жылдын 2010 жылдар аралыгында ички иштер органдарынын реформа программасы» кабыл алынган. Реформанын алкагында демократиялык принциптерди жана коомдун, мамлекеттин коопсуздугунун учурдагы реалдуу коркунучтарын эске алып, функционалдык-структуралык кайта куруу процесстери жүрүп жатат[3].

Мындан тышкары КР ИИМ 28.02.2008 жылдын № 162 «Кыргыз Республикасында укук бузууларды алдын алуу» Мыйзамын ишке ашыруу боюнча» Буйруктун негизинде, жер-жерлердеги айыл башкармалыктарда, айыл өкмөттөрдө ачылган Коомдук алдын алуу борборлору демилгеси күч алган жана иш тажрыйбасы кенири таратылган[4].

1998 жана 2005 жылдардагы реформалар эч көрүнүктүү жыйынтыктарды алып келбегенден ийгиликсиз серепчилер баа беришти[5].

Милициянын реформасы заманбап учуру[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жакынкы жылдарга багытталган министирлликти кайра түзүү концепциясын иштеп чыгуу үчүн 2011жылы Кыргызстандын ички иштер органдарын реформалоо боюнча ведомстволор аралык комиссиясы түзүлгөн. Ал комиссиянын курамына өкмөттүн, Жогорку Кенештин (парламент) өкүлдөрү жана серепчилер кирген [6].

Алар менен бирге жарандык активисттер тобу реформалоо концепциясынын үстүндө өз алдынча ишин башташкан. Активисттер жөнөкөй жарандардан реформа боюнча сунуштарды чогултуу демилгесин баштап, чогулган сунуштар акырында «ИИОну реформалоо альтернативдик концепциясына» кирген [7]. 2013 жылдын 20 февралында ал активисттер тобу Реформалар жана жыйынтык үчүн» жарандык союз деген тармакты түзүп, кийин ага 24 коомдук уюм мүчө болуп кирген.

2012 жылдын октябрь-ноябрь айларында жарандык активисттер «Альтернативдик концепциянын» идеяларын жана милицияны реформалоону колдоо боюнча кол топтоо кампаниясын өткөргөн [8]. 10 минден ашуун кол топтолуп, алар Жогорку Кенештин депутаттарына, президентке жана премьер-министрге жөнөтүлгөн [9].

2013 жылдын 13 февралында Кыргызстандын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев коомчулуктун катышуусу менен иш кенешмесин өткөрүп, «Реформалар жана жыйынтык үчүн» жарандык союздун сунуштары, милицияны реформалоо расмий концепциясына кирет деп белгилеген [10].

Бул өкмөткө 2013 жылдын 30 апрелинде «Кыргыз Республикасынын ИИОнын реформалоо боюнча чараларын» кабыл алууга түрткү болгон. [11]. Бул документ негизинде милицияда реформалардын кийинки кадамдары аныкталды. «Кыргыз Республикасынын ИИОнын реформалоо боюнча чараларында» Альтернативдик концепцияны иштеп чыккандардын төмөнкү сунуштары: милиция кызматкерлерди конкурс аркылуу жумушка алуу, ИИМ Академисынын базасында ИИОго кызматына жаны киргендерди даярдоо курстарын киргизүү, милиция жана калк ортосунда кызматташуу мамилелерин өзгөртүү, реформаларды башкаруу боюнча коллегиялык органды түзүү, коомдун пикирин эске алып, ИИО кызматкерлерин баалоо критерийлерин өзгөртүү жана башкалар[12].

2013 жылдын сентябрь айында коргоо, коопсуздук жана чек ара иштери боюнча Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри башчылык кылган, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдында укук тартиби системасын өнүктүрүү жана реформалоо кенеши түзүлгөн[13].

Кенештин алдында айтылган багыттар боюнча 11 секциянын бөлүмдөрү түзүлгөн, алар өзгөрүү механизмдерин деталдуу түрдө иштеп чыгып коллегиялык органдын алдына талкуулоого алып чыгышат. Укук тартиби системасын өнүктүрүү жана реформалоо кенештин иштеринде жана жыйындарында жарандык коомдун өкүлдөрү да катышышат.

Реформанын алгачкы жыйынтыктары жана мониторинг[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Республиканын бардык дубандарынын жарандык активисттеринен турган тобу Кыргызстандын милициясында өзгөрүүлөрдүн жүрүшүнүн үстүнөн мониторинг жүргүзөт[14]. 2014 жылдын март айында «Реформалар жана жыйынтык үчүн» жарандык союзу реформанын кээ бир бөлүктөрүн күчөтүүгө багытталган бийлик органдар үчүн даярдалган сунуштарды камтыган мониторингдин биринчи жыйынтыктарын жарыялаган[15].

Примечания[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Постановление Правительства Кыргызской Республики № 490 от 23 июля 1998 г.
  2. Указ Президента Кыргызской Республики № 76 от 18 марта 2005 года
  3. [1] Archived 2015-11-14 at archive.today? http://www.mvd.kg/index.php?option=com_content&view=article&id=196&Itemid=313&lang=ru,История(жеткиликсиз шилтеме) министерства внутренних дел Кыргызской Республики. Милиция Кыргызстана на современном этапе, официальный сайт МВД КР
  4. [2], http://svodka.akipress.org/news:463, В Кыргызстане создано 317 общественно-профилактических центров, ИА «АКИpress»
  5. [3] Archived 2014-05-14 at the Wayback Machine, http://www.24kg.org/community/172462-.html Archived 2014-05-14 at the Wayback Machine, Милиция.kg. Реформа против кулаков, Бишкек — ИА «24.kg», Махинур НИЯЗОВА
  6. [4] Archived 2014-05-14 at the Wayback Machine, http://vof.kg/?p=4862 Archived 2014-05-14 at the Wayback Machine, Калича Умуралиева: Успех реформ — в объединении усилий всех заинтересованных сторон, Бишкек, Voice of freedom, Илья Лукаш
  7. [5] Archived 2014-05-13 at the Wayback Machine, http://www.advocacy.kg/htdocs/news/2012/24_10_12_3.htm Archived 2014-05-13 at the Wayback Machine, Новая милиция в Кыргызстане: «Чтобы не было страшно», АНПО «Эдвокаси Центр по Правам Человека»
  8. [6] Archived 2014-05-14 at the Wayback Machine, http://k-news.kg/society/22871/ Archived 2014-05-14 at the Wayback Machine, Активисты начали сбор подписей в поддержку альтернативной концепции реформы МВД, Бишкек, ИА «K-news», Адилет Макенов
  9. [7] Archived 2014-05-13 at the Wayback Machine, http://www.knews.kg/action/24792/ Archived 2014-05-13 at the Wayback Machine, 10 тысяч граждан подписались в поддержку альтернативной реформы МВД, Бишкек, ИА «K-news», Юрий Копытин
  10. [8], http://www.gov.kg/?p=19027, Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев: В реформировании МВД гражданское общество должно принять самое активное участие, официальный сайт Правительства КР
  11. Постановление Правительства Кыргызской Республики (Киргизии) «О мерах по реформированию органов внутренних дел» № 220 от 30 апреля 2013 года
  12. [9] Archived 2014-04-23 at the Wayback Machine, http://reforma.kg/articles/view/81 Archived 2014-04-23 at the Wayback Machine, Альтернативная и официальная концепции реформы МВД, Бишкек, REFORMA.KG
  13. Распоряжение Правительства Кыргызской Республики № 359-р по образованию Совета по реформированию и развитию системы правопорядка при Правительстве Кыргызской Республики от 6 сентября 2013 года
  14. [10],http://www.vb.kg/252468, В КР запускают кампанию по гражданскому мониторингу МВД, Интернет-редакция издательского дома «Вечерний Бишкек», Светлана Моисеева
  15. [11] Archived 2014-04-23 at the Wayback Machine, http://reforma.kg/articles/view/127 Archived 2014-04-23 at the Wayback Machine, Первый анализ реформы милиции в Кыргызстане опубликован гражданским союзом, REFORMA.KG

Ссылки[түзөтүү | булагын түзөтүү]