Кыргыз Республикасынын Дипломатиялык Элчиликтери

Википедия дан

Кыргыз Республикасынын Дипломатиялык Элчиликтери — Кыргыз Республикасынын эл аралык мамилелерин жөнгө салуучу мекеме. 1991-жылы 26-декабрда СССР Жогорку Советинде СССРдин таратылышы тууралуу Декларация кабыл алынгандан кийин бир нече өлкө (мисалы, АКШ, Түркия) Кыргызстанды өз алдынча мамлекет катары тааный турганын билдиришкен. Алгачкылардан болуп 1992-жылы 1-февралда АКШ, 28-мартта Түркия, көп узабай РФ, Кытай, Германия, Япония ж. б. мамлекеттердин элчиликтери ачылган. Кыргызстан 1992-жылы 2-мартта БУУга (Башкы Ассамблеянын 46-сессиясы), андан кийин ЮНЕСКОго мүчөлүккө кабыл алынган. 2000-жылга чейин Кыргызстанды дүйнөнүн 135 өлкөсү таанып, анын ичинде 96 өлкө менен дипл. мамиле түзүлсө, 2000—12-жылдары дүйнөнүн бардык мамлекети таанып, 116 өлкө менен дипл. байланыш бар. Кыргызстан Азия өнүгүү банкы, Дүйнөлүк соода уюму, Дүйнөлүк банк, ЭВФ ж. б. уюмдарга мүчө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]