Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин академиясы

Википедия дан
Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э. А. Алиев атындагы Академиясы
(КР ИИМдин Академиясы)
250пкс
Расмий аталышы

Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э. А. Алиев атындагы Академиясы

Негизделген жылы

2000-жыл

Түрү

Мамлекеттик

Жайгашкан жери

Бишкек,  Кыргызстан

Сайты

www.academy-mvd.kg

Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э. А. Алиев атындагы Академиясы Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары үчүн жогорку квалификациялуу адистерди, ошону менен бирге ИИМдин системасына башкаруучу жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоону жүзөгө ашырган жалгыз жогорку окуу жайы.

КР ИИМдин Академиясынын калыптануу жана өнүгүү тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Окуу жайдын өнүгүүсүнүн жана калыптануусунун тарыхы республикадагы ички иштер органынын системасы ошондой эле бүтүндөй Кыргызстан менен тыгыз байланыштуу. 1969-жылдын 19-майында СССРдин ИИМдин буйругу менен СССРдин ИИМ милициянын Фрунзедеги атайын орто мектеби түзүлгөн. Ошол мезгилдеги милиция мектебинин алгачкы жетекчиси милициянын генерал-майору Шабиров Джапар Шабирович болгон. Анын орун басарлары болуп милициянын подполковниктери Замолин Дмитрий Иванович жана Усубалиев Эшенкул Усубалиевич дайындалышкан. Алгач 18 окутуучулук курамдан турган атайын жана коомдук юридикалык сабактар деген 2 цикл ишке кирген. МФАОМ алгачкы кабыл алуусун 1969-жылдын 1-октябрында жүргүзгөн, Советтик Армиянын катарынан демобилизациялангандардын, жарандык жаштардын жана милициянын кызматкерлеринин ичинен 64 адам окууга кабыл алынган. МФАОМди 4 миңден ашуун адам билимге ээ болуп, атайын орто юридикалык билим жөнүндө диплом алып чыгышкан. Республикадагы ИИМдин системасынын жана башка укук коргоо органдарынын көптөгөн жетекчилери дал ушул окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү болгон. 1991-жылдын 19-июлунда Союздук Республикалардын суверенитеттүүлүк процессине байланыштуу Өлкө башчынын Указы менен СССР ИИМдин милициянын Фрунзедеги атайын орто мектеби Кыргыз Республикасынын ИИМдин Бишкектеги жогорку мектеби болуп кайрадан түзүлгөн. Окуу жай өзүнүн өнүгүүсүндө жогорку юридикалуу билимдүү адистерди даярдоо жолу менен республиканын ички иштер органдарынын кадрдык потенциалын бекемдөөгө олуттуу салым кошкон. КР ИИМдин БЖММ түзүлгөндөн бери КР ИИМдин ички аскерлеринин жана катардагы органдардын бөлүмдөрү үчүн жогорку квалификациядагы кызматкерлерди даярдоодо жана кайрадан даярдоодо бир кыйла тажрыйба топтолду. Көрсөтүлгөн убакыттан бери квалификациясын жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо курсунан ИИОнун 2 миңдей кызматкери билим алган. 2000-жылдын 15-январында Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин Бишкектеги жогорку мектеби Кыргыз Республикасынын Ички иштер Министрлигинин Академиясы болуп кайрадан түзүлгөн. Тагыраак айтканда өлкө башчы тарабанан жарыяланган “Жаштар жана Билим жылында” окуу жай өзүнүн эң жогорку статусуна ээ болгон. Окуу жайга кыргыз милициясынын тарыхындагы биринчи милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевичтин ысымы ыйгарылган.

KР ИИМдин Академиясы бүгүн[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Академиянын негизги милдети болуп 2000-жылы 8-майында №256 КР Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ИИМ милициянын генерал-майору Э. Алиев атындагы Академия жөнүндө Жобо аныкталган. Аларга төмөнкүлөр кирет: - Бюджеттик негизде күндүзгү окуу бөлүмү боюнча (курсанттар), күндүзгү акы төлөп окуу бюджеттик жана контрактык негизде (студенттер), сырттан окуу бөлүмү боюнча (угуучулар) толук жогорку юридикалуу билимдүү адистерди Ички иштер органдарына жана укуктун башка тармактары үчүн даярдоону жүзөгө ашыруу. - Ички иштер органдарынын жетектөөчү курамы үчүн укуктук-башкаруу кадырларын даярдоону камсыздандыруу. - Илимий жана илимий-педагогикалык кадырлар ИИМ системасы үчүн адъюнктура жана изилдөөчүлүк аркылуу даярдоо. - ИИОнын жана келишимдин негизинде башка укук коргоо жана фискалдуу органдардын, андан сырткары чет өлкөлүк мамлекеттердин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайрадан даярдоо. - ИИОнын кылмыштуулук менен күрөшүү ишмердүүлүгүнүн актуалдуу проблемалары боюнча мыйзамдаштыруу жана илимий изилдөөлөрдү жакшыртууга катышуу. - Окуу методикалык базасын түзүү жана өнүктүрүү, мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык адистерди даярдоону камсыздандыруу, жана дагы окуу - методикалык адабияттарды иштеп чыгуу жана басып чыгаруу. Жогорку билим программасы боюнча ИИМ Академиясын аяктаган бүтүрүүчүлөргө (бюджеттик негизде) “Милициянын лейтенанты” наамы ыйгарылат. Бүгүнкү күндө Академиянын ишмердүүлүгүн 2 башкармалык, 5 факультет, 12 кафедра, 3 бөлүм, 2 кызмат, 4 борбор жана 3 топ жүргүзөт. Академиянын профессордук-окутуучулук курамында 4 илимдин докторлору, 38 илимдин кандидаттары, 2 профессор, 12 доцент, 2 улук илимий кызматкер жана 100дөн ашуун окутуучулар кызмат өтөп келет.


КР ИИМдин Академиясынын социалдык жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тарбиялык таасир берүү жана окууга кызыктыруу максатында Академияда жыл сайын “Мыкты курс”, “Мыкты взвод”, “Мыкты курсант”, “Мыкты студент”, “Мыкты спортчу” конкурстарды өткөрүү салт болуп калган. Коомдук-саясий жактан тарбия берүүдө салтанаттуу түрдө календардык жана улуттук майрамдар белгиленет. Мындан сырткары, ар түрдүү конкурстар, спорттук турнирлер, “Пагон сулуусу”, Республикалык студенттер арасында өтүүчү “Ала-Тоо жазы” сынагы, аскердик-спорттук мелдеш “Кырк-Чоро” ж.б. өткөрүлүп турат. Ал эми тарбия иштерин жакшыртуу үчүн көмөкчү институттар иш алып барат. Аларга, “КР ИИОдогу насаатчылык”, “Кураторлук”, “Курсанттык ар намыс соту”. Ошондой эле Академиянын хору, үйлөмө аспаптар оркестри, ыр, бий, музыкалык аспапта ойноо кружоктору, кыздардын курамынан турган барабанчылар взводу активдүү иштеп жатат. Эстетикалык тарбия берүүгө да бир топ көңүл бурулган. Курсанттар Академиядагы Маданият университетинде скульптура, эстрада, музыка, сүрөт, кино, театр жаатындагы искусство ар кыл багыттары жөнүндө таанышып маалымат ала алышат. (Ректору КРнын улуттук филармониясынын режиссеру К.Кокумов). Маданият университетинин алкагында биринчи жана экинчи курстун курсанттары үзгүлтүксүз искусство музейине, чет өлкөнүн алдыңкы сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөлөрүнө, опера жана драм театрларга барып турушат. Өздүк курамды мекенчилдикке, элдердин достугун чыңдоо, өзүлөрүн көрсөтүү көрүнүктүү мисал катары жетекчилик менен бирдикте Краснореченскийдеги балдардын майыптар үйүнө материалдык жардам көрсөтүлүп турат. Академиянын өздүк курамын социалдык жактан коргоого белгилүү деңгээлде көңүл бурулган. Академиянын кызматкерлеринин жакын туугандары каза болуп калса “Ынтымак” коомдук уюму тарабынан акчалай жардам берилип турат. Бул уюмдун каражатынын эсебинин кызматкерлерди эс алууга узатууга, юбилярларды сыйлоо жүргүзүлөт. Андан тышкары КР ИИМ Академиясынын автивдүү катышуусу менен Бишкек шаарында «Полиция шаарчасы» түзүлгөн. 40 гектардык ал аянтта үй куруу үчүн жүздөгөн ИИО кызматкерине жер бөлүнгөн. Өткөн жылдары уюштурулган бардык иш-чаралар массалык маалымат каражаттарынын катышуусу менен коштолгон. ММК белгилегендей, бүткүл иш-чаралар жогорку уюшкандык деңгээлде өткөрүлдү.


КР ИИМдин Академиясынын сырткы байланыштары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Академия республикадагы жана чет мамлекеттердеги окуу жайлар жана мекемелер менен кызматташууну өнүктүрүүгө көбүрөөк көңүл бурулат. Бул жагдайда ишмердүүлүктүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында 2004-жылы Академияда сырткы байланыш жана эл аралык кызматташтык бөлүмү түзүлгөн. Академия уюшулгандан баштап бир топ жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн ИИМ жогорку окуу жайлары менен байланыш түзүүгө жетишти. Эки тараптуу келишимдердин негизинде бүгүн ондогон Кыргызстандык курсант жана угуучулары Россиянын ички иштер органдарынын билим берүү мекемелерине окууну улантып жатышат. Академия эл аралык уюмдар менен активдүү кызматташтыкты колдойт. Негизги өнөктөш болуп Бишкектеги ЕККУ (ОБСЕ) борбору эсептелет. ЕККУнун каржылык колдоосу алдында Академияда окутуунун усулдук каражаттары, заманбап компьютердик техникалар менен жабдыган көптөгөн окуу борборлору ачылган. Туркиянын кызматташуу жана өнүгүү агенттигинин (ТИКА) демөөрчүлүк колдоосу алдында Академияда заманбап компьютердик класс ачылган. Мындан сырткары, Бишкектеги Чыгыш университети, “Себат” билим берүү мекемеси менен жемиштүү иш алып баруусунан Академияда Түрк жана Араб тилдери борбору иштейт.


КР ИИМдин Академиясындагы спорт[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Академиянын спортсмендери мини-марафон, кик-боксинг, кол-бут күрөшү, алыш күрөш, күжүрмөн самбо, таэквон-до, атуу, кызматтык биатлон, футбол, волейбол, гирялык спорт, дзюдо, аркан-тартыш, тогуз коргоол, шахмат, бокс спорттук түрлөр боюнча көптөгөн эл аралык жана республикалык мелдештерде байгелүү орундарга ээ болуп келишет. Окуу жай катары таанылгандан бери 30 спорттун эл аралык класстагы чебери, 158 КРнын спорттун чебери жана 251дөн ашуун спорттун чеберине талапкерлер жана 509 разряддык спотрчулар дайындалган. Татыктуу билим берүү жана сапаттуу спотрчуларды даярдоо максатында төмөндөгү машыгуу залдары кайрадан оңдолуп, жасалган: - фитнес зал; - волейбольную площадку; - мини-футбольное поле; - гимнастический городок; - боксерский зал.


КР ИИМдин Академиясынын факультеттери жана кафедралары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • №1 факультет квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо, башкаруучу кадырларды даярдоо боюнча
  • №2 факультет күндүзгү окуу
  • №3 факультет күндүзгү акы төлөп оку
  • №4 факультет илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо боюнча
  • №5 факультет ИИОнун кенже-жетектөөчу курамын даярдоо кайра даярдоо боюнча
  • Коомдук саясий сабактар кафедрасы
  • Коомдук саясий сабактар кафедрасы
  • Мамлекеттик укуктук сабактар кафедрасы
  • Жарандык укуктук сабактар кафедрасы
  • Информатика жана башкаруу теориясы кафедрасы
  • Тилге даярдык кафедрасы
  • Кылмыш-жаза укугу жана кылмыштарды алдын алуу кафедрасы
  • Кылмыш жазык кафедрасы
  • Дене тарбияга даярдык кафедрасы
  • Аскердик даярдык жана атайын тактикалык даярдык кафедрасы
  • Административдик укук жана административдик ишмердүүлүк кафедрасы
  • Ыкчам иликтөө ишмердүүлүк кафедрасы
  • Криминалистика, атайын техника жана психология кафедрасы


КР ИИМдин Академиясынын башкармалыктары, бөлүмдөрү жана кызматтары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Окуу-инспекциялык башкармалыгы
  • Финансы-чарбалык камсыздоо башкармалыгы
  • Кадрлар бөлүмү
  • Саптык даярдык аскердик мобилизациялык иштер боюнча
  • Уюштуруу-аналитикалык, укуктук иштер жана эл аралык кызматташтык бөлүмү
  • Маалыматтар-китепкана борбору
  • Илимий изилдөө борбору
  • Коомдук башаламанды токтотуу жана жанжалдарды тыюу боюнча окуу методикалык борбору
  • Автомобилдик даярдык боюнча окуу методикалык борбору
  • Медициналык кызмат
  • Катчылык
  • Нөөмөт бөлүмү
  • Башкаруунун автоматташтырылган системасын жана окутуунун техникалык каражаттарын жайылтуу жана пайдалануу тобу
  • Кесиптик даярдык боюнча тобу

Академиянын башчылары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мезгилдери Башчынын аты жөнү
1 1969-1982-ж.ж. СССР ИИМдин МФАОМ башчысы милициянын генерал-майору Шабиров Ж.Ш.
2 1982-1989-ж.ж. СССР ИИМдин МФАОМ башчысы милициянын полковниги Усубалиев Э.У.
3 1989-1991 г.г. полковник милиции Сатыбаев Ж. Начальник ФССШМ МВД СССР
4 1989-1991-ж.ж. КРнын ИИМдин МБЖМнин башчысы милициянын генерал-лейтенанты Асаналиев Т.А.
5 1999-2008-ж.ж. КР ИИМдин Академиясынын милициянын генерал-лейтенанты Ишимов Б.Б.
6 2008-2010-ж.ж. КР ИИМдин Академиясынын милициянын генерал-майору Мавлянов А.С.
7 2010-2013-ж.ж. КР ИИМдин Академиясынын милициянын полковниги Базарбаев А.С.
8 2013-2014-ж.ж. КР ИИМдин Академиясынын милициянын генерал-майору Джакипов Ж.И.
9 2014 –жылдан тартып жана азыркы учурда. КР ИИМдин Академиясынын милициянын полковниги Бийбосунов А.К.